КР жана Улуу Британиянын кошмо падышалыгынын жана Түндүк Ирландиянын Өкмөттөрүнүн ортосунда кош салык төлөөнү болтурбоо жана киреше салыктарына караштуу салыктарды төлөөдөн баш тартууну алдын алуу жөнүндө келишим долбоору боюнча сүйлөөшүүлөрдүн 1-раунду ө

Новости
20-Май 2014-ж.
2345
""
Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен кирешелердин жана капиталдын кандайдыр-бир түрлөрүнө салык салуу укугун ар бир мамлекетке бекитип берүү аркылуу өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда салыктык өз ара мамилелерди жөнгө салууга багытталган эки тараптуу макулдашууларды түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Өлкөлөрдүн ортосундагы мындай өз ара мамилелердин негизги максаты болуп ар кайсы өлкөлөрдө ошол эле салык менен чарбакер субьекттердин кирешелерине жана капиталга кош салык салууну четтетүү болуп саналат.

Кош салык төлөөнү болтурбоо жөнүндөгү макулдашуу республиканын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу каражаты катары да каралат.

Мындан тышкары келишимдин негизги милдети болуп бир мамлекеттин резидентин башка макулдашып жаткан мамлекеттин дискриминациялык салыгынан коргоо, келишимдин жоболору менен кыянаттык кылбоо же салык төлөмдөрүнөн баш тартууга жол бербөө, макулдашып жаткан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат менен өз ара алмашуу саналат.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу