КР экономика министри Катар мамлекетинин КРдагы элчиси менен болгон жолугушуусунда инвестициялык кызматташуунун өнүгүү перспективаларын талкуулады.

Новости
14-Май 2014-ж.
2310
2014-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу жана атайын элчиси Мохамед бин Арар Аль-Наими мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, Кыргыз Республикасынын экономика министри Т. Сариевдин Катар мамлекетине болгон алдыдагы иш сапарынын маанилүүлүгүн белгилеп, анын алкагында маанилүү эки документке кол коюлаары пландаштырылып жатканын айтып өтүштү.

Ал документтер: Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге, капиталга салык төлөөдөн баш тартууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Келишим долбоору жана экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Келишим долбоору.

Ушуну менен бирге тараптар, Кыргызстан жана Катар мамлекеттеринин ортосундагы инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү перспективаларын белгилеп, иш сапардын жүрүшүндө ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз-Катар инвестициялык фондун түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоону чечишти.
""""""""
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу