КР Экономика министрлигинин жана КЭР Коммерция министрлигинин ортосунда Бишкек ш. автоунаа жолдорун реконструкциялоо жана реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Меморандумга кол коюлду.

Новости
18-Май 2014-ж.
2280
2014-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө, КР Экономика министрлигинин жана КЭР Коммерция министрлигинин ортосунда Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн кайтарымсыз жардамынын эсебинен Бишкек ш. автоунаа жолдорун реконструкциялоо жана реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Меморандумга кол коюлду.

Бул Меморандум КР борборунун автоунаа жолдорун реконструкциялоону жана реабилитациялоону ишке ашырууда жогоруда айтылган органдардын ортосунда кызматташуунун негизги жана укуктук негиздерин бекитүүгө багытталган.

Меморандумду ишке ашырууда Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн кайтарымсыз жардамынын эсебинен Бишкек шаарынын авто жолдорунун 8 участогунун ичинен 3 участогу реконструкцияланып жана реабилитацияланат, аны кыргыз тарап аныктайт.

Мындан сырткары реконструкция жана реабилитация боюнча курулуш иштеринин үстүнөн көзөмөлдөө КР стандарттарына жана ченемдерине ылайык иштелет.
КР Өкмөтүнөн жогоруда айтылган чөйрөдө кызматташтыктын жалпы координациясын жүзөгө ашырууга жоопту орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эсептелет.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу