Министр Т. Сариев: КР үчүн ББ келишимдик-укуктук базанын күчүнө киришинин өтмө шарттарынын бардык пакети КР ББ кошулуу келишиминде бекитилет.

Новости
19-Май 2014-ж.
2404
""

Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев үстүбүздөгү жылдын 20-майында КР Бажы биримдигине кошулуу маселелери боюнча парламенттик уктуруунун жүрүшүндө маалымдады.

Министр Темир Сариев белгилегендей, бүгүнкү карала турган маселе тарыхый жактан чоң мааниге ээ, анткени ал экономикалык гана эмес, саясий жактан маанилүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө таасирин тийгизе турган маселе.

БС жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүнүн кыскача тарыхы
1995-жылдын январь айында Россия, Казакстан жана Беларусь Бажы биримдигин (Бажы биримдиги) түзүү боюнча Келишимге кол коюшкан, ал эми Кыргызстан бул келишимге 1996 –жылдын 29- мартында кошулган. Мындайча айтканда биз 1995-жылы эле Бажы биримдигинин мүчөсү болгонбуз. Ошол эле учурда Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ) кирип жатып Кыргызстан Бажы биримдигинде катышып жаткандыгы тууралуу БСУ мүчөлөрүнө маалымдаган.

Ал эми 2000-жылдын октябрында Россия, Казакстан жана Беларусь мамлекеттери Евразиялык экономикалык биримдикти (ЕврАзЭС) түзүү боюнча Келишимге кол коюшкан, анын негизги багыты болуп Бажы биримдигин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү эле.

2007-жылдын 6- октябрында ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңеши мамлекеттер башчыларынын деңгээлинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Бажы биримдигинин укуктук базасын түзүү жөнүндө” чечим кабыл алынган.” (Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы). Ошону менен бирге Бажы биримдигинин Комиссиясы жөнүндө, бирдиктүү бажы аймагын уюштуруу жана Бажы биримдигин түзүү жөнүндө келишимдерге кол коюлган. Кийинчерээк Бажы биримдигинин укуктук базасын түзүү боюнча келишимдер кабыл алынган.
Жыйынтыгында 2010-жылдын 1- январынан баштап Бажы биримдигинин негизги келишимдери күчүнө кире баштаган жана 2011-жылдын 1- июнунан баштап үч мамлекеттин ички бажы көзөмөлү сырткы чек арага которулду.

Казакстан чек арасында 1-июндан баштап Бажы биримдигинин тартиби менен иштей баштады.
Бажы биримдигинин Келишимдик-укуктук базасы 110дон ашык документтерден турат.
Бүгүнкү күндө Евразиялык экономикалык биримдиктин 18 келишими күчүнө кирди.

Азыркы мезгилде Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишим иштелип чыгууда жана ал 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кириши керек.
Бажы биримдигинин өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүү
Өзүңүздөргө маалым болгондой Бажы биримдигинин мамлекеттери негизги соода өнөктөштөрүбүз болуп эсептелет, эгер биз бардыгы болуп 140тан ашык мамлекет менен соода-сатык жүргүзсөк, Бажы биримдиги мамлекеттери менен болгон сырткы соода жүгүртүүнүн көлөмү 40,7% түзөт, анын ичинен экспортто 27,8%(алтынды кошкондо), ал эми алтындан тышкары эсептесек экспорттун 44 % жана импорттун 27,1% ушул мамлекеттер менен болгон соода сатыкты түзөт.
Кыргызстандын экспортунун жалпы көлөмүнөн:

Россия
36% жашылчалар жана жемиштер
64,3% пахта
42% айнек
28,5%эл.машиналар жана аппараттар
26% чыңалуу лампалары
35%радиаторлор
Казакстан
100% электр энергия
83% сүт азыктары
45% жашылчалар жана жемиштер
73% тирүүлөй мал
96% тигүү буюмдары
52% айнек
Беларусь
59%радиаторлор

Кыргызстандын импортунун жалпы көлөмүнөн:
Россия
98% нефть продуктылары
28% кара, түстүү жана баалуу эмес металлдар жана алардан жасалган буюмдар
22% химия өнөр жайы
Казакстан
32% химия жана органикалык эмес заттар
100% буудай жана көмүр
79% минералдык сырье
93% буудай уну
71% тамеки буюмдары
13% кант жана кондитер азыктары
Беларусь
35% кант
22% резинадан жасалган буюмдар
8% транспорт каражаттары жана аларга запастык бөлүктөр

Мындан тышкары бул мамлекеттер менен болгон соода-сатыкта саны жагынан гана эмес, импорттолуп жаткан товарлардын маанилүүлүгү да жогору, анткени бизге күйүүчү-майлоочу майлардын 98%, буудай менен көмүр 100%, жыгач материалдары, металлопрокат жана башка стратегиялык маанилүү буюмдар экспорттук пошлинасы жок алып жатабыз.

Дагы бир нерсени белгилей кетүү зарыл, Бажы биримдиги толук кандуу иштей баштагандан бери биздин экономикага катуу таасир тийгизе баштады. Бажы биримдиги жаңы бажы келишимдерин жана эрежелерин киргизгенден кийин Кыргыз Республикасында экспорт өтө кымбат болуп калды.
Ошону менен бирге ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык көзөмөлдөөнүн процедуралары, товарларды Бажы биримдиги аймагына киргизүү бир кыйла оорлоду. Азия өнүгүү банкынын изилдөөлөрүнө таянсак Казакстандын чек арасына товарларды алып кирүү 2011-жылы 8,6 саат болсо, 2012-жылы 21,5 саатты түздү.
Жыйынтыгында жалпы экспорт 14,8%га өскөндүгүнө карабастан сүт продукцияларын, эл.энергия, даяр кийим жана пахта буласын Бажы биримдигине экспорттоо 21,5%га төмөндөдү.

Ошондой эле реэкспорт да кыскарууда, бажы статистикасынын билдирүүсүнө караганда Дордой жана Карасуу базарларына келүүчү импорт кыскарууда (3-4 эсеге).
Акыркы айларда абал андан да начарлап, соода кызматкерлеринин ассоциациясынын маалыматы боюнча мурдагы жылдары күнүнө 150-200 жүк ташуучу автомашина базарга кирген болсо, бүгүнкү күндө болгону 50 машина кирүүдө, же 3-4 эсеге азаюуда.

Жогоруда айтылган фактылар Кыргыз Республикасынын экономикасынын Бажы биримдигине кирген мамлекеттер менен болгон байланыштын тыгыз экендигин маалымдайт.
Ошондуктан Өкмөт, Бажы биримдигине кошулуу же кошулбоо боюнча маселелердин бардык тобокелдерин изилдеп чыкты.
Бажы биримдигине кошулбаган учурдагы тобокелдер
Бажы биримдигине кошулбагандагы тобокелдер, кошулганга караганда оорураак.

Бажы биримдиги кошулбоо тууралуу чечим кабыл алганда көптөгөн терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн:
Кытай менен болгон тышкы сооданын көлөмүнүн кескин кыскарышы (КЭР келген импорттун 80% башка мамлекеттерге реэкспорт катары Бажы биримдиги мамлекеттерине кетчү);
Жыйынтыгында ишкер адамдар сатуу рыногун, көп жылдардан бери түзүлгөн соода байланыштарын жоготот, ири дүң базарларында жана челноктук соода менен алектенген ишкерлердин жумушсуздугу көбөйөт;
Кичи жана орто бизнес чөйрөсүндө финансылык абал начарлап, ал гана эмес банкротко учурашы күтүлөт;
Салык төлөмдөрүнүн азайышынан бюджеттин тартыштыгы көбөйөт;
Тарифтик эмес тоскоолдуктардын бардык болгон түрлөрүн колдонуп, анын ичинде бажылык текшерүүнүн катаалдашынын натыйжасында, айыл-чарба продукцияларын жана сүттү киргизүүгө тыюу салынат;
Экспортёрлордун чыгымдары жогорулайт, ал эми кээ бир учурда экспортко товар жөнөтүү таптакыр мүмкүн эмес болуп калат;
Экспортко багытталган экономикалык секторлордун продукцияларынын чыгарылышы төмөндөйт (айыл чарба жана кийим тигүү);
Күйүүчү-майлоочу майларга экспорттук пошлина киргизилет (республика бир жылда 1600 миң тонна КММ импорттойт) (тактоо иретинде: экспорттук пошлина бир тоннага дизелдик майга 251,5 АКШ доллары бензинге 348,3 АКШ доллары)
Калктын миграциясынын өсүшү күтүлөт.

Ошондуктан бүгүнкү күндүн чындыгы биздин экономиканын евразиялык интерграциялык биримдикке кирүү керектигин айгинелеп турат.
Ал эми Бажы биримдигине кирүүдө кандай пайдалуу жактар күтүлүүдө?
Биринчи ирээтте бажы чек арасы жок соода шарттарынын ыңгайлуулугу, чек арага бажы документтерин даярдоо болбойт, мүмкүн болгон учурда гана сырткы соода жүргүзүүнүн катышуучулары КНС (кошумча нарк салыгын) жана башка салыктарды төлөө үчүн салык органдарына документтерди тапшырышат. Мындан тышкары продукциянын коопсуздугун тастыктаган документтер бирдиктүү болот жана аларга болгон талап да бирдей болот.

Бажы биримдиги ички чек араларында бажы көзөмөлү, бажы жыйымдарын алуу жана кээ бир формалдуу процесстер жоюлат, алар сырткы соода байланышта иштегендердин чыгымдарын азайтып, республиканын ири дүң базарларынын ыңгайлуу иштешине шарт түзөт.
АӨБ (Азия өнүктүрүү банкы) изилдөөсүнө таянсак бажы чек арасын жоюунун натыйжасында Россия менен Казакстандын чек арасынан жүк ташыган машиналар 2011-жылдагы 7,7 саатта өтсө, 2012-жылы 2,9 саатта өтүшкөн.

Мындан тышкары Бажы биримдигине кирүү инвестициялардын кескин өсүшүнө алып келет, анткени алар үчүн пошлинасы жана тоскоолдуктары жок чоң рынок ачылат. Көпчүлүк потенциалдык инвесторлор биздин Бажы биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатышат.
Кыргызстан өзүнө агро өнөр жай комплекси, текстиль жана кийим тигүү индустриясы менен бирге көпчүлүк секторлордо өндүрүштөгү биринчи ролун алат. Бул секторлор Бажы биримдигине кошулганда утат жана алардын атаандаштыгы жогорулап, жаңы сатуу рыноктору пайда болот.
Бажы биримдигинин талаптарына ылайык Сыноо лабораторияларын модернизациялоо түздөн-түз биздин экспорттун Бажы биримдигинин мамлекеттерине гана эмес, алыскы мамлекеттерге да көбөйүшүнө таасирин тийгизет.

Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) мүчөлүгү биздин жарандардын сырткы миграция менен байланышкан көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет, себеби Бажы биримдиги кирүү бул Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуунун бир тепкичи болуп калмакчы.
Тактоо иретинде: БЭА мүчөлүк биримдикке кирген мамлекеттердин эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзөт, алсак кызматка жөнөкөй тартипте орношуу, мигранттардын өзүнө жана алардын үй-бүлөлөрүнө социалдык шарттарды жакшыртуу ж.б.у.с.

Республикадагы стратегиялык маанилүү багыттарда: энергетикада, нефте жана газ тармагында, турак жайда жана транспорттук инфраструктурада ири долбоорлорду ишке ашырууда керектелүүчү нефть продуктыларын, жыгач материалдарын, металлопрокат ж.б. ушул сыяктуу товарларды пошлинасы жок алып келүүгө мүмкүндүк түзүлөт.
Сыноо лабораторияларын модернизациялоо, санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл пункттарын Бажы биримдиги талаптарына ылайык келтирүү жана сапаттык инфраструктуранын заманбап материалдык базасын түзүү көп материалдык чыгымдарды талап кылат. Бул жумуштардын баары бир жасашыбыз керек, анткени бул биздин экспорттун көбөйүшүнө түздөн-түз таасир берет.

Албетте, Бажы биримдиги кошулуу бардык көйгөйлөрдү автоматтык түрдө чечет дегенден алыс болуш керек, Ошондой эле кыйынчылыктар болот, бирок кошулбаган мезгилде ала мындан да көп болот. бир топ көбөйтөт бул тобокелдиктердин таасирин азайтуу максатында аларды чечүү зарыл болот.
Ушул терс таасирлерге төмөндөгүлөрдү кошсо болот:
Биз үчүнчү өлкөлөрдөн (Алыскы чет мамлекет) импорттогон, товарлардын белгилүү түрлөрүнө болгон баалардын өсүшү
Биз Бажы биримдиги жана КМШ өлкөлөрүнөн импорттогон товарлардын наркы жогорулабашы керек, тескерисинче, бажылык жана тарифтик эмес тоскоолдуктардын азайышынын жана өлкөлөрдүн ортосундагы товардык агымдардын өтүүсүн тездетүүнүн эсебинен баа төмөндөйт.
Графиктерде көргөнүңүздөрдөй, бардык стратегиялык товарларды биз Бажы биримдиги өлкөлөрүнөн алып келебиз. Ал эми баа өсө турган болсо, күнүмдүк керектелүүчү товарларга эмес, башка товарларга жогорулашы мүмкүн.

Ошондой эле Кытайдан импорттоону кыскартуу, жана ошондой эле дүң соодадагы жумуштуулукту жана бюджетке келип түшүүлөрдү азайтуу.
Импорт кыскарганына байланыштуу кирешенин кыскаруусу Бажы биримдиги Бирдиктүү бажы тарифине өткөндөгү бажы алымдарынын ставкасын жогорулатуу менен бир канча компенсацияланат.

Биз экономикалык жагдайдын өнүгүүсүнүн бир нече варианттарын карап жатабыз жана талдоо көрсөткөндөй, ИДПнын өсүү темпи волатилдүү, б.а. өзгөрмө болот. Бардыгы жүргүзүлүп жаткан ички экономикалык саясаттын жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна жараша ИДПнын өсүү темпинин төмөндөөсү сыяктуу эле, жогорулоосу дагы күтүлүүдө.
Ошол эле мезгилде:
-инвестициялардын агып келүүсүнүн;
-жеңилдетилген «узак кредиттерди» пайдалануунун;
-жабдуунун лизингинин;
-кошумча жумуш орундарын түзүүнүн;
-соода агымдарынын өсүшүнүн эсебинен экономиканы өнүктүрүүдө оң тенденциялар камсыздалат, биздин жарандардын жашоо деңгээлинин жана жыргалчылыгынын өсүшү болот.
Ошондуктан, биздин республика Бажы биримдиги кошулууда өнүгүүнүн эң начар сценарийин болтурбоо үчүн, жогорку мамлекеттик деңгээлде Бажы биримдиги өнөктөш-өлкөлөрү менен Бажы биримдигине кошулганда, Кыргыз Республикасынын экономикасына колдоо көрсөтүү боюнча бирдиктүү программаны иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишкенбиз. Азыркы учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүү процессинин хронологиясы
Өкмөт сиздердин карооңуздарга Жол картасынын долбоорун киргизген. Бул Бажы биримдигине кошулуу боюнча толугу менен негизделген жана ойлонуштурулган чечим. Мен сүйлөшүү процесси ачык өткөндүгүн баса белгилеп кетким келет. Өкмөт Бажы биримдиги боюнча маселени чечүүнүн тигил же бул варианттарын тандоодо пайда болуучу бардык көйгөйлөрдү эч кимден жашырган жок. Бүгүнкү чечимге биз үч жылдан бери келе жатабыз. Бул мезгил ичинде кызыкдар тараптын каалаганы, саясий партиябы, өкмөттүк эмес уюмбу, бизнес жаатындагыларбы, бардыгы өз көз караштарын билдире алышты.
Жол картасын даярдоонун хронологиясын кыскача айтып кетүүгө уруксат берсеңиздер.

2011-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасы Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (БЭМ) кирүү боюнча сүйлөшүү процессинин башталышы жөнүндө арыз (заявка) берген. Ошол эле убакта бул сүйлөшүү процессине жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.
2011-жылдын октябрында биздин арыз (заявка) каралып чыккан жана Бажы биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Бажы союзунун жогорку органы тарабынан жактырылган.
2012-жылдын апрелинде бул маселе боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Жумушчу тобу түзүлгөн.
Бул мезгил аралыгында ЕЭК жумушчу тобунун Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуу маселеси боюнча 10 жыйыны болуп өткөн жана негизги маселе Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашуу болчу.
2014-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Протоколдук чечим менен Ведомстволор аралык комиссия тарабынан жактырылган Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасынын долбоору менен макул болгон.

Мындан кийин, учурдагы жылдын 12-13-майында Евразиялык экономикалык комиссия Жумушчу топтун жана Коллегиянын жыйындарында Кыргыз Республикасынын сунуштарын эске алуу менен Жол картасынын долбоорунун жыйынтыкталган текстин макулдашты.
Биз Жол картасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен ички мамлекеттик макулдашуунун жол-жоболорунан өтөөрү тууралуу ЕЭКке кабарлаганбыз.
Долбоор ички мамлекеттик жол-жоболордон өткөндөн кийин мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште бекитүүгө киргизилиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасынын долбоору
Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасынын долбоору иш-чаралардын кеңири, комплекстүү планын камтыйт, маани-маңызы боюнча бул Бажы биримдигине кошулуу боюнча аракеттердин алгоритми.

Жол картасынын долбоорунун үстүндө иштөөдө, ЕЭК Жумушчу тобу менен Кыргызстан дароо колдонууга киргизе албаган, кээ бир Бажы биримдиги келишимдери боюнча өтмө мезгилди берүү боюнча макулдашууга жетиштик; Ошондой эле Кыргыз Республикасы белгилүү мезгилдин ичинде Бажы биримдиги бирдиктүү бажы тарифинен айырмаланган бажы алымдарынын ставкаларын колдоно турган товарлардын тизмеги аныкталат.
Жол картасына төмөнкүдөй негизги иш-чаралар киргизилген:
-мыйзамдарды Бажы биримдиги макулдашууларына шайкеш келтирүү;
-инфраструктуралык кайра өзгөртүүлөр, өткөрүү пункттарын жана лабораторияларды модернизациялоо, аларды жабдуулар менен камсыз кылуу;
-Бажы биримдигине мүчө-мамлекеттеринин ортосунда, кирүүчү бажы алымдарынын суммасын эсептөө жана бөлүштүрүү механизмин иштеп чыгуу;
-кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында бажы контролун алып салуу;
-Бажы биримдигинин техникалык регламенттери күчүнө киргенге чейин өтмө мезгилдин мөөнөттөрүн аныктоо;
-БСУ менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү ж.б.
Жол картасынын жыйынды долбоору 181 пунктту камтыйт жана булардын бардыгын аткаруу керек. 90дон ашык ченемдик-укуктук актыларга (дээрлик 30 мыйзамга жана 60 ченемдик актыларга, нускамаларга, жоболорго ж.б.) өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келип турат, алар боюнча ички мамлекеттик, анын ичинде Жогорку Кеңеш менен тиешелүү жол-жоболорду өткөрүү керек.

Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасы товарлардын кирип-чыгуу маселелерин жөнгө салат, бул бажылык башкаруу, тарифтик-тарифтик эмес жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык талаптар, техникалык регламенттер.
Жумушчу күчтөрдү жылдыруу маселеси (эмгек миграциясы) Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин Макулдашуулары менен регламенттелет.
Бажы биримдигине кошулуу алгоритми
Жол картасын бекитүү Бажы биримдигине кошулуу фактысы болуп саналбайт, ал Бажы биримдигинин макулдашуулары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир түргө келтирүү үчүн жана инфраструктуралык кайра өзгөрүүлөргө багытталган иш-чаралар үчүн укуктук негиз гана болуп саналат.

Кыргыз Республикасы үчүн Бажы биримдигинин келишимдик-укуктук базасынын күчүнө киришинин өтмө шарттарынын, ошодой эле жеңилдиктердин бардык пакети Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу жөнүндө келишимде бекитилет, ал Жол картасын кабыл алгандан кийин иштелип чыгат.
Бул Келишим республиканын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча негиз түзүүчү документ болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сөзсүз жактыруусун талап кылат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюусун кошкондо, бардык ички мамлекеттик жол-жоболордон өтөт.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу