ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы М.Мясникович башында турган ЕЭК делегациясы Бишкекке келди

Новости
25-Май 2022-ж.
1685

2022-жылдын 25-майында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегациясы Бишкекке келди.


“Манас” эл аралык аэропортунан аны КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева тосуп алды.


Сапардын программасына - 26-майда Биринчи Евразиялык экономикалык форумга катышуу, 27-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу, М.Мясниковичтин Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен жолугушуусу кирет.


26-майда баштала турган Биринчи Евразиялык экономикалык форумга 15 өлкөдөн 2500дөн ашуун адам катышуу үчүн катталды. Форум коронавирустук пандемиядан улам аргасыз тыныгуудан кийин ЕАЭБдеги ири бизнес-иш-чараларынын бири болуп калат.


Форумдун алкагында 35ке жакын иш-чара өткөрүлөт. Форум Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекет башчыларынын катышуусунда пленардык жыйынды, ошондой эле 21 тематикалык сессияны камтыйт.


Сессиянын катышуучулары глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечегин, финансылык өнүгүү жана макроэкономикалык туруктуулук маселелерин, энергетика жана транспорт тармагындагы ишмердүүлүктү жандандыруу, санариптештирүү, ошондой эле  ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайындагы кырдаалды талкуулашат. 


Форумда 10го жакын меморандум жана келишимдерге кол коюу пландалууда.


Форумдун алкагында ЕАЭБдин мыкты айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулат. Биримдиктин продукцияларынын экспозициясы ЕАЭБ товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча стимулдарды түзөт, Биримдиктин товарларынын өз ара соодасын жана экспортун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


Евразия экономикалык форуму – Евразия экономикалык бирлигинин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешине төрагалык кылган Биримдиктин мүчө-мамлекетинде кезектешип өтүүчү экономикалык чөйрөдөгү жыл сайын өтүүчү бизнес-иш-чарасы болуп саналат.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары – Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев,  Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда видеоконференцбайланыш аркылуу ЖЭКтин жыйыны өтөт.


Ошондой эле ЕАЭБдин Жогорку Кеңешинин жыйынына ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин – Кубанын жана Өзбекстандын башчылары – Мигель Диас-Канель Бермудес менен Шавкат Мирзиёев катышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу