Каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо төлөө тартиби кабыл алынды

Новости
23-Май 2022-ж.
1750

Үстүбүздөгү жылдын 20-майында транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо жана жыйымдарды төлөө тартиби кабыл алынды.


Тартипке ылайык, күңүрттөөгө уруксат берүү эсепке алууну жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн “Carcheck” электрондук кызмат көрсөтүү парталына туташтыруу менен акы төлөнүүчү негизде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси ишке ашырат.


Жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааларды кошпогондо, уруксат М-1 категориясындагы жеңил  транспортторуна гана берилет.

Уруксат үчүн жыйым төмөнкүдөй өлчөмдө алынат:

– жеке жак – резиденттер үчүн 800 эсептик көрсөткүч;

–  юридикалык жактар үчүн 1000 эсептик көрсөткүч;

– резидент эместер үчүн 1200 эсептик көрсөткүч.


Уруксатты кайрадан тариздөө транспорт каражатынын ээси өзгөргөн, ошондой эле транспорт каражатынын ээси алмашкан учурда гана ишке ашырылат.


Уруксат 1 жыл мөөнөтүнө берилет, анын мөөнөтү аяктаганга чейин уруксатты колдонуудан баш тартса, төлөнгөн жыйым кайтарылып берилбейт.


Транспорт каражатына мүлк салыгы жана жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибин бузгандыгы үчүн айыптар төлөнгөндөн кийин гана уруксат берилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу