Экономика министринин орун басары А. Касымалиев Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарында ѳтүп жаткан Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттери менен Араб экономикалык форумунун 1 – сессиясында катышып жатат.

Новости
12-Май 2014-ж.
2551
Бүгүн 2014 – жылдын 13 – майында Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары А. Касымалиев Сауд Аравия Падышалыгынын борбору Эр-Рияд шаарында ѳтүп жаткан Борбор Азия жана Азербайджан мамлекеттери менен Араб экономикалык форумунун 1 – сессиясында катышып жатат.

Бул форум Араб мамлекеттеринин лигасынын мүчө-мамлекеттеринин, Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын биринчи аймактык жолугушуусу болуп саналат.
Форумга жакынкы чыгыш аймактарынан, Борбордук Азиядан жана Түндүк Африкадан 28ге жакын ѳлкѳлѳрдүн катышуусу пландалып жатат.

Форумда А. Касымалиев Кыргызстандын инвестициялык климаты жана экономикалык потенциалы жѳнүндѳ доклад жасайт. Араб ѳлкѳлѳрү менен кызматташууну активдештирүү үчүн айыл чарба, энергетика, транспорт сыяктуу приоритеттүү багыттарга көнүл бурулат. Өкүлдөр тобунун Араб форумунда катышуусу инвесторлордун кѳңүлүн жана капиталын Кыргызстандын экономикасына тартууга эффективдүү аянт болуп калат.

Ошондой эле А. Касымалиев бул форумга катышуусунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларга катышты, алардын ичинде Сауд Арабиянын Аш-Шура Маджлисинин Спикери доктор Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль Аш-Шейх жана Вице-тѳраганын орун басары, Сауд ѳнүгүү фондусунун (СѲФ) Экспорт программасынын башкы мүдүрү Ахмед Мухаммед Аль Ганнам менен жолугушту.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө парламенттер аралык, ошондой эле соода-экономикалык, маданият-гуманитардык жана Кыргыз Республикасы менен СѲФ кызматташуусун мындан ары кеңейтүү, жакынкы келечекте Араб координациялык фондусунун катышуусу менен экинчи тегерек столду ѳткѳрүү маселелери талкууланды.

""

""
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу