Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн потенциалын өнүктүрүүдө эл аралык финансылык институттардын көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө

Новости
17-Май 2022-ж.
1508

2022-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин  орун басары Канат Абдрахманов АӨБнын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушту.


Бул жолугушуунун максаты АӨБнын “Экономиканы диверсификациялоо – 3-подпрограмма” программасын ишке ашыруунун жүрүшүнө, ошондой эле Эл аралык финансы институттары тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн потенциалын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана мониторинг жүргүзүү болуп саналат. 


Жалпысынан бул программа соодада жана инвестицияда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто бизнести колдоо жана жумушчу орундарды түзүү аркылуу Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган.


Жолугушууда тараптар программаны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, анда КР Экономика жана коммерция министрлиги аркылуу Халал өнүктүрүү борборун түзүү, Ишкерлерди тейлөө борборлорун ачуу жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүү программасы сыяктуу программанын артыкчылыктуу багыттарыжөнүндө сөз кылышты. 


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар пикир алмашып, кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу