Министр Д.Амангелдиев кытайлык компаниялар менен жолугушууда ГЭСтерди куруу, электромобилдерди чыгаруу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулады

Новости
18-Май 2022-ж.
1496

2022-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министри Данияр Амангелдиев менен Кытайдын Guangdong Xinjin Energy Development LLC компаниясынын башкы директору Чжан Цзе Ронгдун жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө министр Д.Амангелдиев Чжан мырзага министрликтин ишмердүүлүгү, фискалдык саясатты реформалоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча маалымат берди.


Өз кезегинде Чжан мырза инвестициялык компаниянын ишмердүүлүгүн белгиледи, алар негизинен жаңы энергетикалык технологияларды (электроунаалар) жана кайра жаралуучу электр энергиясын өндүрүүнү колдонуу менен транспорт каражаттары менен алектенет.


Тараптар ошондой эле ГЭСтерди куруу, электромобилдерди чыгаруу, ошондой эле өсүмдүк өстүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.


Жолугушуунун жыйынтыгында экологиялык чарбаларды куруу, төлөм системасын өнүктүрүү, акылдуу автобустарды, ошондой эле алар үчүн заряддоочу түзүлүштөрдү чыгаруу долбоорлорун биргелешип кароо боюнча макулдашууларга жетишилди.


Чжан мырза министр Д.Амангелдиевди Кытай Эл Республикасына өзүнүн продукциясын көрсөтүү үчүн чакырды.


Маалымат катары:

Компания жаңы энергетикалык технологиялар, транспорт каражаттарын, электр приборлорун, аккумуляторлорду алмаштыруучу жабдыктарды жана унаа тетиктерин өндүрүү жана сыноо үчүн жаңы жабдууларды сатуу жаатында илимий-изилдөө жана өнүктүрүү иштерин жүргүзөт.

Компаниянын өнүгүп келе жаткан энергетика бизнеси ошондой эле өзөктүк энергияны, шамал энергиясын, гидроэнергетиканы жана электр энергиясын өндүрүүнү, анын ичинде күн фотоэлектр энергиясын өндүрүүнү, өндүрүш жабдууларын, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүүнү жана электр энергиясын чекене сатууну камтыйт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу