Министрдин орун басары И.Асылкулов Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын экономика министрлеринин орун басарлары, ошондой эле МТЦтин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча департаментинин башчысы менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Новости
16-Май 2022-ж.
1614

Нур-Султан шаарында Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү боюнча «Улуттук жол карталарынан аймактык реформаларга» аттуу аймактык семинар-кеңешменин алкагында КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов менен Казакстан Республикасынын соода жана интеграция вице-министри Асел Жанасова, Өзбекстан Республикасынын инвестиция жана тышкы соода министринин орун басары Бадреддин Абидов, Тажикстан Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Абдурахмон Абдрахмонзода, Эл аралык соода департаментинин башчысы Чыгыш Европа жана Борбордук Азия үчүн Елена Бутримованын  ортосунда эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташуунун келечеги, өз ара сооданы жогорулатуу, чек аралардагы сооданы жана башка административдик формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу, андан ары аймактык жана эл аралык сооданы тереңдетүү маселелери талкууланды.


Жолугушуунун негизги темаларынын бири казак тараптын региондун өлкөлөрүн AMAZON, e-Bay, Ali-BABA, Ali-Express глобалдык электрондук соода платформаларына жеткирүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгы тууралуу сунушу, ошондой эле «Борбордук Азия AMAZON» бирдиктүү аймактык долбоорун түзүү болду. Буга байланыштуу тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн бирдиктүү электрондук соода платформасын түзүү концепциясын кароого даяр экендиктерин билдиришти.


Ошондой эле жолугушууда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн продукциясын Европа Биримдигинин рыногуна биргелешип чыгаруу маселелери талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгында Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министринин орун басарына, Эл аралык соода борборунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысына жана ЕБнин Казакстан Республикасындагы элчисине эстелик белектер тапшырылды.


Мындан тышкары, регионалдык семинардын – Борбордук Азиядагы сооданы жеңилдетүү боюнча кеңешменин алкагында министрдин орун басары И.Асылкулов казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн брифингге катышып, аймактагы соодага тоскоолдуктарды жоюудагы жалпы көйгөйлөрдү жана эки тараптуу жана аймактык координациялоону талап кылган сооданы жеңилдетүү тармагындагы реформалардын негизги багыттарын иштеп чыгууну белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу