Экономика министрлигинде “Тамга –Кит -2012” программасы орнотулду.

Новости
07-Май 2014-ж.
2507
Кыргыз Республикасынын Экономика министри Т. Сариевдин колдоосу менен министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерине мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Э. Д. Асановдун «Тамга-КИТ-2012» программасынын учурдагы 1.4.x.x версиясы компьютерлерге орнотула баштады.

80 компьютерге орнотула турган бул программа мурдагы версиясынан өзгөчөлөнүп 31 компоненттен турат. Кызматкерлердин мамлекеттик тилди өздөштүрүүсү үчүн бул программанын жардамы чоң. Мындан тышкары мамлекеттик тилди, чет тилдерди окутуу курстары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» №155 Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатындагы «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын» алкагында жүргүзүлүүдө.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу