Экономика министрлигинин башчысынын төрагалыгы астында Мамлекеттик контролдоо органдарынын жана бизнестин өкүлдөрүнүн ортосунда эффективдүү диалог болуп өттү.

Новости
07-Май 2014-ж.
2322
2014-жылдын 11 – апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин кезексиз отурумунун Протоколун аткарууда, Экономика министрлиги бизнести жүргүзүүдөгү көйгөйлүү маселелерге талдоо жүргүзүү жана талкуулоо боюнча ишин баштады.

Министрликтин буйругу менен жогоруда айтылган кезексиз отурумдун Протоколун ишке ашыруу боюнча Иш-чара планы бекитилди жана 3 жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топту түзүүнүн максаты болуп бизнести жүргүзүүгө, коррупция менен күрөшүүгө, официалдуу эмес төлөмдөргө, салык салууларга, Дүйнөлүк банк жана Реконструкциялоо жана өнүктүрүү европа банкы менен биргеликте жүргүзүлгөн бизнес-чөйрөнүн жана иш каналардын эффективдүүлүгүн (BEEPS) иликтөөнүн негизинде соода жана жөнгө салуу чөйрөнүн көйгөйлүү маселелерине талдоо жүргүзүү саналат.

Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде министрликтин Кичи залында министр Темир Сариевдин төрагалыгы астында кеңешме (жумушчу жолугушуу) болуп өттү, анын жүрүшүндө Мамлекеттик контролдоо органдарынын (МКО) жана бизнестин өкүлдөрүнүн ортосунда эффективдүү диалог болуп өттү.
Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгү чечимдер кабыл алынды:

КР Адилет министрлиги, Социалдык фонду, Улуттук банкы менен биргеликте КР территориясындагы бизнести жана бул мамлекеттик органдардын ишкерлер менен өз ара карым катнашын каттоо процедурасын жөнөкөйлөтүү маселелери иштелип чыксын;
МКОлорго бизнес-коомдордун өкүлдөрү менен биргеликте өздөрүнүн багыттары боюнча бизнес жүргүзүүдө пайда болгон көйгөйлөр боюнча ишти бир жуманын ичинде жүргүзүлсүн;
Бизнес - коомдорго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин кезексиз отурумунун 11.04.2014 - жылдын Протоколунун Иш-чара планы боюнча КР Экономика министрлигинин Ишкердик ишти жөнгө салуу башкармалыгына үсүтүбүздөгү жылдын 30-апрелине чейин өздөрүнүн сунуштарын беришсин, ошону менен бирге иштин жыйынтыгы боюнча бирдиктүү чечимди чыгаруу үчүн жумушчу топко кандидат беришсин.
""""""""
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу