Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев жетектеген КР делегациясы Ташкенттеги “Иннопром. БA" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда

Новости
25-Апрель 2022-ж.
2051

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев баштаган КР делегациясы Ташкентте 25-27-апрелде өтүүчү “Иннопром. Борбордук Азия» эларалык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда.


Иш-чаранын негизги максаты – катышуучу өлкөлөр менен компаниялардын ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, өнөр жайды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана биргелешкен ишканаларды түзүү.


Иш-чаранын жүрүшүндө Кытайдан, Германиядан, Кореядан, Италиядан, Япониядан, Түркиядан, Франциядан, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана Борбордук Азиядан келген 100дөн ашык экспоненттер, ири компаниялардын, ошондой эле орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү өз продукцияларын көрсөтүшөт.


20 адистештирилген сессияга Азиянын, Европанын, Россиянын жана Өзбекстандын ири компаниялардын жетекчилери, ошондой эле министрликтердин, ведомстволордун, тармактык ассоциациялардын, бизнес-ассоциациялардын, өнүктүрүү институттарынын жана массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери катышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу