ЕАЭБдин “Канаттуулардын этинин жана аны кайра иштетүү продуктуларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин (ЕАЭБ ТР 051/2021) күчүнө киришинин өткөөл мезгили узартылды.

Новости
22-Апрель 2022-ж.
2137

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинин “Канаттуулардын этинин жана аны кайра иштетүү продуктуларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин өткөөл жоболорун бекитти.


Өткөөл мезгил 2023-жылдын 1-январынан тартып техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып 18 айга, башкача айтканда, 2024-жылдын 30-июнуна чейин белгиленген.


Бул убакыттын ичинде продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга Бирликтин мыйзамдарынын, анын ичинде «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин баалоо боюнча техникалык регламент күчүнө кирген күнгө чейин берилген документтерге ылайык жол берилет. Бул продукциянын жүгүртүүгө чыгаруучу белгилеген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде жол берилет.


Ошондой эле, канаттуулардын этине карата техникалык регламент күчүнө киргенге чейин Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен бирдикте мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаны жана аларга карата азык-түлүктөрдүн тизмесин даярдайт деп күтүлүүдө. бажы жол-жоболоруна жайгаштырылганда "Канаттуулардын этинин жана азыктарынын коопсуздугу,  аны кайра иштетүү жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарына ылайыктуулугу ырасталат. 


Канаттуулардын этине жана аны кайра иштетүү азыктарына карата техникалык регламенттердин жана шайкештикти баалоо документтеринин талаптарына этап-этабы менен өтүү үчүн өткөөл жоболор кабыл алынган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу