“Мен жана коррупция”, “ЖМК коррупцияга каршы” сынактарынын жеңүүчүлөрүн жана байге алуучуларын куттуктоо аземи жүрүп жатат.

Новости
29-Май 2014-ж.
2463
""Бүгүн бул иш чараны уюштуруучулар Саясат жана өнүктүрүү институту (СӨИ) жана КР Экономика министрлиги, күндүн биринчи жарымында миниср Темир Сариевдин жана КРдагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Кремердин катышуусу менен Г.Айтиев атындагы сүрөт искусствосунун мамлекеттик музейинде плакаттардын көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземин өткөрүлдү. Мен жана коррупция” сынагынын 60 эң ачык жана кызыктуу иштери көрсөтүлдү.

4 ай мурун старт алган чыгармачылык марафондо Кыргызстандын бардык аймактарынан 77 профессионалдык жана үйрөнчүк сүрөтчүлөр катышты. Сунушталган Коомдун бардык тиричилик аракетинин чөйрөсүн коркунучтуу вирус сыяктуу жугузган, жамандыкка каршы туруу аттуу тема, биздин сынактын катышуучуларын кадимкидей кызыктырды”. Жыйынтыгында калыстар тобу 300 сүрөттүн ичинен эң жакшы иштерди белгилешти.

Сынактын жеңүүчүлөрү жана байге алуучулар арбын акча сыйлыктарын жана тастыктоо баракчаларын алышты. Бирок бардык чыгармачыл адамдар үчүн эң жакшы түрткү болуп мамлекеттин негизги галереясында сүрөттөрдүн көргөзмөсү дагы бир жумага улантылаары жана аны жүздөгөн көрүүчүлөр көрүп, баа беришээри саналат деп СӨИ башкармалыгынын төр айымы Надежда Добрецова маалымдады.

Министр Т. Сариев чыгып сүйлөп жатып, республиканын алдында турган эң курч социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдүн арасында, коррупция алдыңкы орунду ээлейт. Коррупция мамлекеттин улуттук таламдарына коркунуч туудурат, анткени анын өнүгүшү саясаттык жана экономикалык чөйрөдө мамлекеттин ордун начарлатат.



""Бүгүн коррупцияга каршы үгүттөөнү өткөрүүдө биз чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү тараптан чоң колдоону сездик деп белгилеп өттү.
Министр бул сынакка катышкан бардык катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, ар бир плакат жана көрсөтүлгөн сүрөттөр биздин көчмө көргөзмөбүздүн экспанаттары болуп, биздин коомдо коррупцияны кабыл албагандыктын көрүнүктүү мисалы болуп калат деп билдирди.

Күндүн экинчи жарымында КР Экономика министрлигинин Чоң залында ЖМК коррупцияга каршы” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Министр Т. Сариев Теле берүүлөрдүн, Интернет басылмалардын, басма сөз масс-медианын эң мыкты журналисттерине дипломдорду жана акчалай байгелерди тапшырды.

Андан соң тегерек столдун катышуучулары СӨИ тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы маалымат компаниясынын талдоосу жана ошону менен бирге CAIСonsulting серепчилери тарабынан жүргүзүлгөн коррупциянын масштабдуу түрдө изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен таанышышты.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу