КР Экономика министринин орун басары С. Муканбетов менен Сиань ш. мэринин орун басары баштаган КЭР делегациясынын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуунун перспективдүү багыттары курулуш, тамак-аш өнөр жай жана бал тармактары талкууланды.

Новости
17-Апрель 2014-ж.
2354
Кыргыз Республикасынын Экономика министирлигинде 2014 – жылдын 17 апрелинде министирдин орун басары С. Муканбетов менен Сиань шаарынын мэринин орун басары Хань Сун мырза баштаган кытай делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун негизги максаты болуп эки тараптуу кызматташуунун перспективдүү багыттары курулуш, тамак-аш өнөр жай жана бал тармактарын талкуулоо эсептелет.
Министирдин орун басары С. Муканбетов Кытай Эл Республикасынын (КЭР) өкүлдөрү менен саламдашып жатып Кытай Кыргыз Республикасынын негизги экономикалык өнөктөрүнүн бири экендигин билдирди.

Ошондой эле С. Муканбетов эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү перспективаларын айтып жатып, Кыргыз Республикасы региондордогу инвесторлорго либералдуу инвестициялык жана салык режимин сунуштап жаткандыгын белгилеп жана Кыргыз Республикасынын приоритеттүү тармактары менен тааныштырды.
Өз кезегинде Хань Сун мырза Сиань шаарынын мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары жөнүндө жана Синь шаарынынын курулуш, тамак-аш жана бал тармагында иш жүргүзгөн негизги компаниялары жөнүндө айтып өттү.

Ошону менен бирге Сиань шаарынын мэринин орун басары Хань Сун мырза Экономика министринин орун басарына жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташтуунун өнүгүүсүндө КР Экономика министирлигинин ролу чоң экендигин белгиледи. Ошону менен бирге алдыда боло турган Сиань соода-инвестициялык жармаңкеге жана Улуу жибек жол ЭКСПО Эл аралык көргөзмөгө катышып кетүүгө чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең мындан ары да тыгыз жана натыйжалуу кызматташууга үмүттөрүн билдиришти.
""""""""
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу