2022-жылдын биринчи кварталында экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды

Новости
18-Апрель 2022-ж.
2112

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги түзүлгөн кырдаалга карабастан, экономика жакшы динамика көрсөтүп жатканын, 2022-жылдын январь-мартында ИДП 4,5%га өскөнүн билдирди.


Ошентип, 2022-жылдын биринчи кварталында экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды.


Январь-март айларында айыл чарбасында 35,6 миллиард сомдук продукция өндүрүлгөн. Айыл чарбасынын өсүшү мал чарба продукциясын 2,3%ке көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды.


2022-жылдын биринчи кварталында кайра иштетүү өнөр жайында 52,6 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, реалдуу өсүш 114,7%ды түздү.


Өндүрүштүн өсүшү белгиленген өнөр жайдын түрлөрү: мунай продуктуларын өндүрүү (+31,8%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү (+25,5%), фармацевтика (+21,3%), негизги металлдар жана даяр металл буюмдары (+ 20,3%, тамак-аш өнөр жайы (+14,1%), текстиль өндүрүшү, тигүү жана бут кийим өндүрүшү (+5,8%).


Курулуш сектору оң динамикасын көрсөтө баштады. Үстүбүздөгү жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 2,2%ды түздү.


Биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча дүң (+11,8%) жана чекене (+7,3%) сооданын көлөмүнүн өсүшү байкалган.


Мейманкана индустриясы өткөн жылдан бери жакшы динамикасын көрсөтүүнү улантууда жана ушул жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай 43,9% өстү.


2022-жылдын биринчи кварталында коомдук тамактануучу жайлардын (ресторандар, кафелер ж.б.) кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 3,4 млрд сомду түзүп, 7,7%га өстү.


Байланыш тармагында кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 8,1 пайызга өсүп, 6,3 миллиард сомго жетти.

2022-жылдын январь-февраль айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода 

жүгүртүүсү 1 349,5 миллион АКШ долларын түзүп, 1,6 эсеге өстү.


2022-жылдын январь-февраль айларында экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү 3,8%га өсүп, 246,3 млн АКШ долларын түздү.


Импорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү дээрлик эки эсеге (191,3%) көбөйүп, 1103,2 млн. АКШ долларын түзгөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу