Бирдиктүү салык декларациясын толтурган жана кирешелерин легалдаштырган субъекттердин мындан аркы ишмердиги укуктук талаада ишке ашат.

Новости
17-Апрель 2014-ж.
1343
""Бул жөнүндө бүгүн "АКИпресс" МАда болуп өткөн пресс-конференциянын жүрүшүндө кирешелерди жана мүлктү легалдаштыруу маселелерин түшүндүрүп жатып, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев кабарлады. Ал белгилегендей Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 11-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык декларациялоонун мөөнөтү 2014-жылдын 30-июнуна (30-июнун кошо) чейин узартылган (мурун 2013-жылдын 31-декабрына чейин болгон).

Мындан сырткары мыйзам менен Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) тапшыруу мөөнөтү 2014-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Кирешелерди жана мүлктү легалдаштыруу жалпы салык декларацияга өтүүдө салык декларациясынын бирдиктүү процедурасынын бөлүгү болуп саналат.
Азыркы убакта мамлекет өзүнүн чечими менен жарандарга өздөрүнүн мурунку каталарын ондоого, эч кандай жаза жана айып пул тартпай туруп өз ишмердигин легалдаштырууга мүмкүндүк берет.

Мыйзамдын маңызы болуп жарандарга (мамлекеттик кызматкерлерди кошуп) мурунку (өткөн) мезгилден 2012-жылдын 31-декабрына чейин салык төлөмдөрсүз, бажы төлөмдөрсүз, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрсүз жана башка милдеттүү төлөмдөрсүз (эгер төлөнгөн болсо, анда ал легалдуу) өздөрүнүн кирешелерин легалдаштырууга мүмкүндүк берүү боюнча бир жолку акцияны өткөрүү саналат. Декларация тапшырган субъект нотариалдык аракеттер үчүн гана мамлеккеттик төлөмдөрдү төлөйт (150 сом), киреше жана мүлк жөнүндө декларациянын бланкынын наркын төлөйт (болжолдуу 4-5 сом). Арыз берүүчүгө жалпы декларацияга кеткен чыгым 150+5=155 сомду түзөт.
Кирешенин жана мүлктүн суммасы 45 млн. сомдук босогодон ашкандар бөтөнчө болуп ага кирбейт. Бул учурда легалдаштыруу үчүн бюджетке босогонун суммасынын 1 пайыз (450 миң сом) декларациялык төлөмүн төлөө керек, бул учурда деларациянын суммасы канчалык декларациялык босогодон ашканына таасирин тийгизбейт. Декларациялана турган объекттин баа наркы декларация берүүчү субъекттин өзү тарабынан аныкталат.

Мамлекеттик нотариус декларация берүүчү субъекттин көзүнчө өздүк күбөлүгүнүн жана жеке документинин туура келүүсүн гана текшерет жана ошону менен бирге декларациядагы коюлган колдун аныктыгын далилдейт жана декларациянын Реестрине, киреше жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин, бул декларацияны берген жактын декларациялоо күндүн датасын жана жарандын персоналдык маалыматын киргизеерин белгилей кетүү зарыл.

Декларация берген субъектке жеке ишкерлер, менчик мүлкү бар жана буга байланыштуу мамлекеттик кызматчылар жана башка категориядагы физикалык жактар кирет, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык, бажы же камсыздандыруу милдеттенмелери пайда болушу керек (эгер бир жолку акцияга өз эрки менен кайрылса)

Мүлкүн жана кирешелерин легалдаштырууну каалаган субъект мүлк жана киреше жөнүндө декларациянын бланкын алуу үчүн жана ал толтурулган бланктын вариантын көрсөткөндөн кийин дароо күбөлөндүрүү үчүн мамлекеттик нотариалдык конторага кайрылат.
Декларация жалгыз нускада гана толтурулат жана декларация тапшырган субъект жеке өзү тапшырат. Мүлктү жана кирешени декларациялоо мөөнөтү 2013-жылдын 1-июлунан 2014-жылдын 30-июнуна чейин аныкталды.

Белгиленген мөөнөт 2013-жылга бирдиктүү салык декларациясын тапшыргандарга, дагы бир жолу такталган бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга укук берет.
Мамлекет декларанттарга төмөндөгүдөй кепилдиктерди берет:
- 2012-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнө карата текшерүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн жүргүзүүгө тыюу салуу;
- декларация жүргүзүү учурунда алынган маалыматтын негизинде аларга карата процессуалдык аракеттерди жүргүзүүгө анын ичинде кылмыш куугунтуктоону жүргүзүү боюнча же административдик, эмгек жана тартип жоопкерчилигине тартууга тыюу салуу;
- декларациядагы мүлктүн жана кирешенин келип чыгышы жөнүндөгү маалыматты берүү милдетинен бошотуу;
- декларация берген субъекттерге карата конфиденциалдуулукту (сырды) камсыз кылуу;
- салык төлөмдөргө, бажы төлөмдөргө, социалдык камсыздоого чегерүүлөргө жана башка милдеттүү төлөмдөргө карата дискриминациялоо (басмырлоо) чараларынын натыйжасында декларация берген субъекттер тараптан колдонулбайт;
- мүлк жана кирешелер жөнүндөгү Реестрге мүлк жана кирешелер жөнүндөгү декларациянын мазмунууна тиешелүү маалыматтар эч бир жерде көрсөтүлбөйт жана киргизилбейт. Мүлк жана кирешелер жөнүндөгү декларациянын көчүрмөсүн алууга ыйгарым укуктуу өкүлдөргө жана башка мамлекеттик органдын кызмат адамдарына тыюу салынат.

Мамлекет үчүн легалдаштыруунун маңызы мындай, мурда салык жана милдеттүү төлөмдөр төлөнбөгөн болсо, каражаттарды легалдаштыруу процессинен кийин: аталган каражаттар экономикалык жүгүртмөдө активдүү катыша баштайт; кирешелерин легалдаштырган жана андан кийин бирдиктүү салык декларациясын толтурган субъекттердин мындан аркы ишмердиги укуктук талаада ишке ашат.

Башкача айтканда мамлекеттин пайдасы жандоочу фактор катары кийинки жылдардын ичинде байкалат. Анын ичинде жеке жактар өзүнүн легалдаштырылган мүлкү жана капиталы менен ээн эркин пайдаланат жана аларды мамлекттин экономикасын ачык түрдө инвестициялайт.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу