Бишкекте санариптик экономикада сооданы жеңилдетүү боюнча эл аралык семинар өттү

Новости
14-Апрель 2022-ж.
1928

2022-жылдын 12-13-апрелинде    Соодага көмөктөшүү кеңешинин катчылыгынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык Экономикалык Комиссиясынын (ЕЭК) колдоосу менен М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетини (КЭУ)  сооданы жеңилдетүү боюнча компетенциялар борбору уюштурган «Санариптик экономикада сооданы жеңилдетүү» деген темада эл аралык семинар болуп өттү.


Семинардын жүрүшүндө No5 жана No6 «Регион ичиндеги жана региондон тышкаркы чек ара соодасы» жана «Чек арадагы электрондук коммерция» окуу модулдары көрсөтүлдү.


Семинарга БУУнун ЕЭК, UN/CEFACT өкүлдөрү, чет өлкөлүк ЖОЖдордун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун профессорлору жана илимдеринин докторлору, ТФА Катчылыгынын өкүлдөрү, ошондой эле республиканын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана бизнесинин өкүлдөрү катышты.


Маалымат катары:

Кыргыз Республикасында Ковид-19 шартында сооданы жеңилдетүү боюнча Жол картасына ылайык. М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун базасында, БУУ ЕЭКтин колдоосу менен мамлекеттик кызматкерлерди, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн, магистранттарды жана бакалаврларды, ошондой эле башка коңшу өлкөлөрдөн келген студенттерди окутуу үчүн  Соодага көмөктөшүү боюнча жалгыз Компетенттик борбор түзүлдү. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу