Министр Д.Амангелдиев Франциянын элчиси жана EDF компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда КР энергетикалык потенциалын талкуулады

Новости
13-Апрель 2022-ж.
1940

2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция   министри Данияр Амангелдиев жана МЖӨ борборунун директору Санжар Болотов Франциянын Elektricite de France (EDF) компаниясынын өкүлдөрү жана Франциянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту.


Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын энергетикалык потенциалы жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду илгерилетүү маселелери каралды.


Тараптар долбоорлордун чоо-жайын талкуулап, пикир алмашып, ЭДФтин тажрыйбасын карап чыгышты.


Кеңешменин жыйынтыгында министр Д.Амангелдиев КРда долбоорлорду ишке ашырууда ЭДФга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.


Маалымат катары:

Electricité de France (EDF) Франциянын мамлекеттик ири энергетикалык компаниясы жана дүйнөдөгү эң ири атомдук электр станциясынын оператору. ЭДФ 1946-жылдын 8-апрелинде электр жана газ өнөр жайын улутташтыруу жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышынын натыйжасында түзүлгөн. Компаниянын 85% мамлекетке тиешелүү.

Бүгүнкү күндө штаб-квартирасы Парижде жайгашкан компания өлкөнүн муктаждыгынын 70%ын камсыз кылган атомдук электр станцияларынын (АЭС) 59 энергоблогун башкарат, ошондой эле он миллиондогон үй чарбаларын жана атактуу француз TGV жогорку ылдамдыктагы темир жолдорун электр энергиясы менен камсыз кылат. 

Компаниянын ишмердүүлүгү төмөнкүлөргө багытталган: электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү; электр станцияларын долбоорлоо, куруу жана демонтаждоо; энергетикалык соода; жана транспорт.

Ал өзөктүк энергетика, гидроэнергетика, деңиз энергиясы, шамал энергиясы, күн энергиясы, биомасса, геотермалдык энергия жана казылып алынган отун энергиясы сыяктуу электр энергиясын өндүрүү технологияларында активдүү иш алпарат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу