Экономика министрлиги Кыргызстандын жана Түштүк Кореянын ортосундагы соода-экономикалык байланышын тартипке келтирүүгө жардам көрсөтөт.

Новости
20-Февраль 2014-ж.
2719

2014-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министирлигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгында башкарманын начальниги Жумалиев Зайнидиндин жана Корея Республикасынын бизнесмендеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда төмөндөгү өкүлдөр катышышты: Квон Юнг Джин – AKORE CO LTD инвестициялык корпорациянын президенти; Дауг Хонг –AKORE CO LTD инвестициялык корпорациянын мүдүрү; Ли Джонг Вон – POSCO ICT сатуу боюнча департаментинин башкы мүдүрүнүн орун басары; H.C. Юм - Concierge limited консалтинг компаниясынын президенти; Лим Хюн Кванг - HITECH–AGRO LLC президенти; Био-Агро корпорациясынын өкүлдөрү ж.б.


Корея инвесторлору айыл чарба, тоо кен казуу жана кайра иштетүүчү өнөр жай, туризм жана соода тармактарындагы инвестициялык долбоорлорго жана алардын ишке ашырылышына кызыгуу жаратышты.

Ошону менен бирге З.Жумалиев, Кыргызстанда айыл чарба тармагы жетиштүү өнүккөн жана ошондой эле республиканын калкы экологиялык жактан таза тамак-аш, азык-түлүк менен камсыз болуп, коңшу Казакстан, Россия өлкөлөрүнө жана алыскы чет мамлекеттерге картошка, пахта, фасоль, тамеки, кургатылган жемиштерди жана башка азыктарды экспорттойт деп айтып өттү.


Кыргыз Республикасында 2013- жылы төмөндөгүлөр өндүрүлдү: өсүмдүк продукциясы: дан азыктары 1700,9 миң тонна, анын ичинде буудай 819,4 миң тонна, картошка 1332,0 миң тонна, жалышчалар 882,0 миң тонна, бахча өсүмдүктөрү 196,0 миң тонна, фасоль 79,8 миң тонна, кант кызылчасы 195,4 миң тонна, жер жемиштер 233,6 миң тонна; мал чарба продукциясы: эт 354,9 миң тонна, сүт 1408,2 миң тонна, жүн 11590,0 миң тонна, жумуртка 421,5 миң даана.


Айыл чарба жана кайра иштетип чыгаруу тармагы ИДПнын (Ички дүң продукция) үчүнчү бөлүгүн ээлейт, калктын анда иштешинин жалпы саны 68% түзөт. Бирок, республикадагы негизги көйгөй аймактардын айыл чарба тармагында өндүрүлгөн продукциялардын баары кайра иштетилбей сатылып жатканында. Мисалы, республика боюнча кайра иштетилген эт 3- 5%, сүт 30% чейин, жер жемиштер 10 %, дан азыктары 25%, тери жана жүн тармагы 6-8% түзөт. Ошондуктан кайра иштетип чыгаруу тармагын өнүктүрүү республиканын негизги милдети болуп саналат жана Корея инвесторлорунун көңүлүн комбинаттарды, заводторду жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетип чыгаруу боюнча кичи-цехтерди курууга буруш керек.


Ошондой эле бул жолугушуунун жүрүшүндө Кореядан келе турган инвистицияларды телевизорлорду, муздаткычтарды жана электрондук радиоаппаратуларды чыгаруу боюнча биргелешкен иш кана түзүүгө багыттаса болоорун айтып өтүштү. Ал жаңы жумушчу орун түзүүгө, бюджетке кирешенин (салыктардын) түшүшүнүн жогорулашына жана жыйынтыгында мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө мүмкүндүк берет.


Өз кезегинде Экономика министирлиги чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө колдоо көрсөтүп, инвестициялык долборлорду жана бизнес жүргүзүү боюнча маалыматтарды берип, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода – экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу