Министрдин орун басары Д. Ибраевдин жана Катар мамлекетинин атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин жолугушуусунда КР Халал индустриясын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Новости
02-Март 2014-ж.
2457

2014-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Д. Ибраев КР Халал индустриясын өнүктүрүү маселелерин талкуулоо боюнча Катар мамлекетинин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө төмөндөгү бир катар маселелер талкууланды: тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай тарабындагы эки өлкөнүн бизнес жамааттарынын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жана байланышты чыңдоо; ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык кызматтардын потенциалын чыңдоо боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда Катар тараптын катышуусу; эл аралык жана региондук стандарттардын талаптарына ылайык адалдуулук жагынан сыноо жүргүзүүгө адистешкен сыноо лабораторияларын куруу жана өнүктүрүү; Кыргызстанда Халал индустрияны алга илгерилетүү боюнча координациялык, маалыматтык «Халал Борбору» борборун түзүү.


Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасынын экономика министри Т. Сариевдин Катар мамлекетине алдыда боло турган визитин талкуулады, анын жүрүшүндө кош салык салууну болтурбоо жөнүндө, экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык тууралуу эки тараптуу макулдашууларга кол коюу пландаштырылып жатат.


Элчи Мохаммед Аль-Наими айыл чарба, туризм чөйрөсүндө жана кен казып алуу тармагында биргелешкен инвестициялык долбоорлорго Катар холдингинин өтө кызыктар экенин белгиледи.


Өз кезегинде, Д. Ибраев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчисине ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ролу маанилүү экенини айтып өттү, анткени эки мамлекеттин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн зор потенциал бар деп белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу