Экономика министрлиги KOICA менен кызматташуунун алкагында келишимди ишке ашыруу үчүн министрликтерден жана ведомстволордон сунуштарды чогултууну баштайт.

Новости
17-Февраль 2014-ж.
2496

2014-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрдин орун басары Санжар Муканбетов менен Жакынкы чыгыш мамлекеттеринин жана КМШ KOICA департаментинин мүдүрү Хи Су Сонг мырза жетектеген Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агентсвосунун (KOICA) миссиясынын жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушууда жакында эле кол коюлган Кайтарылгыс жардам тартуу жөнүндөгү алкактык келишимдин алкагында Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.

Мындан сырткары эки тараптуу кызматташтыктын багыттары, форматтары жана жакынкы жылдарда ишке ашыруу пландалып жаткан кээ бир долбоорлор талкууланды.
Экономика министринин орун басары С. Муканбетов, бул кызматташтык социалдык жана экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн маанилүү экендигин белгилеп өттү.

Жогоруда айтылган кызматташуу ратификациядан өтүп жана расмий түрдө күчүнө киргенден кийин KOICA менен кызматташуунун алкагында ишке кириши үчүн, министрликтерден жана ведомстволордон сунуштарды чогултууну баштайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу