Экономика министрлиги: Кыргызстандын экономикасына тенгенинин девальвацияланышы өзгөчө таасирин тийгизбейт.

Новости
11-Февраль 2014-ж.
2679

Экономика Министрилиги Улуттук банк менен ар дайым байланышып Казакстандын жана Россиянын валюталык рынокторундагы жагдайын көзөмөлдөп турат.
2014-жылдын 11-февралында Казакстандын Улуттук банкы тенгенин алмаштыруу курсун колдоодон баш тартып, валюталык интервенциянын көлөмүн төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алды. Жаңы теңдеш курс бир АКШ долларына 185 тенге деңгээлинде белгиленди.

Тенгенин девальвацияланышы Казакстандын төлөм теңдеминин (балансынын) абалы начарланышы жана россия рублунун алмаштыруу курсунун төмөндөшү менен байланыштуу. Бирок, ошого карабастан учурдагы операциялардын эсеби оң көрсөткүчтөрдү көрсөтүп импорттун өсүшү байкалууда. Тенгенин курсунун төмөндөшү Бажы Биримдигинин алкагында Казакстандын атаандаштыкка жарамдуулугун сактап, жыйынтыгында өлкөнүн экспорттук потенциалына оң таасирин тийгизет.

Ошону менен бирге, Казакстандын импортунун күчөп өскөн көлөмүнө байланыштуу, кыска мөөнөт мезгилинде бул чара терс таасирин тийгизет. Жакынкы келечекте Кыргызстандын экономикасы үчүн тенгенин девальвацияланышы олуттуу коркунуч туудурбайт. Бул бир катар себептер менен шартталган. Биринчи кезекте, тандалган өзгөрмө алмаштыруу курсунун режими ички макроэкономикалык жагдайларына жана дүйнөлүк рынокторундагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашууда өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөттү.
Мындан сырткары, чет өлкөнүн валютасына суроо-талаптын потенциалдуу мүмкүн болгон көлөмүн канааттандыруу үчүн эл аралык резервтердин запастары жетишерлик. Керек болуп калган убакта Улуттук банк алмаштыруу курсунун тез өйдө–ылдый боло беришин жок кылуу максатында интервенция жүргүзөт.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын тышкы соода айлануусунун түзүлүшүн карасак Казакстандын импорттолгон продукциясынын жарымынан көбү нефть продуктулары, тамеки, дан өсүмдүктөрү жана ун өнөр-жай продуктулары түзөөрүн көрсөк болот. Негизинен, бул продукциялардын түрлөрү АКШ долларында соодаланат, ошондуктан азык-түлүккө, товарларга баанын өсүшүнө эч кандай олуттуу негиздер жок.

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо боюнча статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Казахстанга Кыргыз Республикасынын экспортунун жарымы кийим кече, жашылча-жемиштер жана электр энергиясы түзөт. Бул категорияда белгилүү товарлардын тобу боюнча кыска мөөнөт мезгилинде анча-мынча өзгөрүүлөр божомолдонууда.

Азыркы учурда Экономика министрлиги жагдайдын өнүгүүсүнүн бир нече сценарийинин моделин түзүп, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча орто мөөнөттүк мүнөздөгү мүмкүн боло турган чараларды даярдайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу