Министр Т. Сариев: Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери ББ кошулууда республикага колдоо көрсөтүү боюнча биргелешкен программаны иштеп чыгуу жөнүндө макулдашышты.

Новости
11-Февраль 2014-ж.
2481

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сочи шаарында XXII Олимпиадалык кышкы оюндарынын ачылыш аземине катышуу убагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Экономика министри Темир Сариев белгилегендей, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Бажы Биримдигине (ББ) кошулуу маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери жакынкы убакта биринчи вице-премьер-министрлердин жетекчилиги астында жумушчу топ түзүп, Кыргыз Республикасына Бажы Биримдигине кошулууга колдоо көрсөтүүгө бирдиктүү программа иштеп чыгуу боюнча тапшырма берүүнү макулдашышты.

2013-жылдын декабрында Москва шаарында болуп өткөн мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айтылган республиканын улуттук кызыкчылыгына жана ошол позицияга жооп бере турган, Кыргыз Республикасынын Бажы Биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө көтөрүлүп жаткан баардык суроолор ушул программанын алкагында чечилет.

КР Экономика министри Т. Сариев 2014-жылдын 7-февралынан 12-февралына чейин болгон мамлекеттин Президенти А. Атамбаевдин РФ болгон иш сапарында катышканын белгилей кетүү керек.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу