Экономика министрлигинде КР МЖӨ саясатын иштеп чыгуу боюнча семинар болуп өттү.

Новости
06-Февраль 2014-ж.
2488

Азыркы убакта Кыргызстанда негизги күч - аракеттер мамлекеттик жеке өнөктөш (МЖӨ) механизмин киргизүү аркылуу, инвесторлорду тартуу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Министрлик МЖӨ чөйрөсүндө ыйгарым укутуу орган катары, Кыргыз Республикасына МЖӨ механизмдерин киргизүү максатында “МЖӨ жөнүндө” мыйзамга ылайык ченемдик-укуктук актыларын келтирүү боюнча жана бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн жаңы керектүү мыйзамдын актыларын иштеп чыгуу боюнча активдүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ошону менен бирге КР “МЖӨ жөнүндө” мыйзамын аткарууда жана МЖӨ долбоорун каржылоого жана даярдоого финансы инструменттерин түзүү максатында КР Өкмөтүнүн “МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо механизмдери жөнүндө” токтомунун долбоору иштелип чыкты, ал азыркы учурда КР Өкмөтүндө каралып жатат.

Бул КРӨ долбоорунун негизги милдети болуп МЖӨнүн тандалып алынган долбоорлору боюнча техника-экономикалык негиздемелерин жана транзакциялык кызматтарды каржылоо саналат, ал МЖӨнүн потенциалдык долбоорлорун даярдоону жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууну контролдоону жана тендер өткөрүүнү камтыйт.

Тажрыйба көрсөткөндөй, көптөгөн мамлекеттер гармониялуу жана ырааттуу МЖӨ саясатынын жардамы менен МЖӨнү ийгиликтүү киргизди.
Ушуга байланыштуу Кыргызстанда МЖӨ саясатын иштеп чыгуу үчүн министрлик МЖӨ саясатын иштеп чыгуу боюнча семинар уюштурду, анда республиканын мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө активдүү катышкан министрликтердин жана ведомстволордун адистери катышышат.

Семинар Кыргызстанда МЖӨ саясатынын негизги схемаларын талкуулоо жана макулдашуу максатында Азия өнүктүрүү банкынын консультанттары менен өткөрүлдү.
Төмөндөгү суроолор каралды:
- биз 3-5 жылдан кийин кандай жетишкендиктерге жеткибиз келет?
- бул максаттарды жетүүдө кандай негизги чакырыктар менен кезигишебиз?
- бул максаттарга кантип жетебиз?

"IMG

"IMG

"IMG

"IMG

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу