КР ЭКМде бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен социалдык маанилүү товарлар рыногундагы учурдагы абал боюнча жыйын өттү

Новости
26-Февраль 2022-ж.
2182

2022-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, нефтетрейдерлер, Дордой базарынын жеткирүүчүлөрү, башка ири соода түйүндөрүнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушту. 


Жыйындын жүрүшүндө бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон негизги азык-түлүк, анын ичинде ун, кумшекер, өсүмдүк майы жетиштүү экенин белгилешти.


Министр белгилегендей, чет элдик валютага суроо-талаптын өсүшү жана алмашуу курсунун туруксуздугу дүйнөдө геосаясий чыңалуунун күчөшү жана ага каржы рынокторунун реакциясы менен шартталган.


Өлкөнүн Улуттук банкы өз кезегинде алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу саясатын жүргүзүүдө жана бул үчүн зарыл болгон инструменттердин комплексине ээ. 

Бүгүнкү күндө валюталык таңкыстык көп деле байкалбайт.


Башка өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларды Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик жеткирүүлөр боюнча кечиктирүүлөр жок.


Министр ошондой эле эң зарыл товарларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө үчүн бизнес тарабынан социалдык багыттагы баа саясатын сактоо зарылдыгын белгиледи.


Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына базардагы кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү тапшырылды.


Социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалар туруктуу жогорулаган учурда Министрлер Кабинети ички керектөөчү товарларга, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарга бааны ооздуктоого багытталган тиешелүү чечимдерди тез арада кабыл алат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу