КР кызыкчылыгын коргоо максатында Экономика министрлиги тарабынан «Central Asia FEZ Development Corporation» ЖЧК (Түш. Корея) компаниясынын жетекчисинин дооматы боюнча соттук процессти кайра баштоо иштери жүргүзүлдү.

Новости
06-Февраль 2014-ж.
2383

Бул доомат мурдараак “Бишкек” Эркин экономикалык аймагында түштүк Корея компаниясына бөлүнүп берилген 18 гектар жерди Дирекция алып койгондугуна байланыштуу болгон.

“Борбордук Азия корпорациясынын” жетекчиси Ли Жон Бэк мырза Москва соода өнөр жай платасынын астындагы Арбитражка кыргызстандын өкмөтүнө доомат берген жана ишти жеңип чыккан. Ошого байланыштуу Москва соода өнөр жай платасынын астындагы Арбитраж түштүк Корея ишкерине 23 млн. АКШ долларын төлөп берүүнү кыргыз өкмөтүнө токтом кылган.

2013-жылдын 27-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык КР Адилет министри Шыкмаматов А.Н. жетекчилиги астында эл аралык юридикалык компанияны тандоо боюнча Ведомство аралык комиссия түзүлгөн, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктук коргоосун камсыз кылуу үчүн “Юридическая фирма“Сатаров, Аскаров и Партнеры” ЖЧКны (мурда “Консалтинг по верховенству права”) тандап алышкан.

Соттун чечими КР Өкмөтүнүн пайдасына чечилиши үчүн Экономика министрлиги бардык күчүн жумшайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу