КР экономика жана коммерция, финансы министрлери Кадамжайдагы сурьма, Айдаркендеги сымап комбинаттары жана Кызыл-Кыядагы тамеки-ферментациялоочу заводунда болушту

Новости
18-Февраль 2022-ж.
2339

2022-жылдын 18-февралында Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, КР Финансы министри Алмаз Бакетаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, район акимдери менен бирге Баткен жана Кадамжай райондорунун объектилерин кыдырууну улантышты.


Объекттерге болгон жумушчу сапарлардын жүрүшүндө «Кыштут» айыл аймагындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин артыкчылыктуу көйгөйлөрү каралып талкууланды.


Ошондой эле «Кадамжай сурьма комбинаты» ААКсына, Хайдаркан сымап комбинатына, «Кызыл-Кыя тамеки-ферментация заводу» ААКсына жумушчу сапар менен барып, өнөр жай ишканаларынын иши менен жакындан таанышышты.


Жумушчу иш сапардын жүрүшүндө белгилүү болгондой, сурьма комбинатында өндүрүштү жандандыруу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Атап айтканда, металлургиялык өндүрүштүн продукциясын кайра иштетүүгө тартуу, куюу буюмдарын жана металл прокатын чыгаруу үчүн куюу цехин калыбына келтирүү иштери башталды, ошондой эле технологиялык чынжырга жекече оңдоолорду киргизүү менен колдо болгон кубаттуулуктардын негизинде товардык продукцияны алуу үчүн калдыктарды иштетүү жолго коюлган.


Сымап комбинатында да иштер уланып, кайра иштетүүчү цехтин чыпкалоо жана кургатуу жагын оңдоо иштери аяктап жатат.


Мындан тышкары Кызыл-Кыядагы тамеки-ферментация заводунун иш процессине байланышкан көйгөйлүү маселелер каралып, талкууга алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу