Экономика министрлиги “Кыргызстан”Соода үйү” ЖЧК иши боюнча КР кызыкчылыгын сот процессинде коргойт.

Новости
06-Февраль 2014-ж.
2483

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги “Кыргызстан” Соода үйү” ЖЧК иши боюнча, жана ошону менен бирге Москва ш., Мир пр. 119-үй., 4-курулушта жайгашкан Соода-көргөзмө борборун (СКБ) КРна берүү иши боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт.

Россия компаниясынын ижарасынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алар менен ээлеген орунду бошотууга жазма эскертүү берилген.
Бүгүнкү күндө РФ Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча федералдык агентствосу менен биргеликте экспортту алга жылдыруу боюнча КР мамлекеттик иш канасына СКБ көргөзмө аянттарын берүү жөнүндө маселелери иштелип жатат.

Москва шаарынын ижарага алган адамы тарабынан Арбитраждык сотко доомат бергенине карабастан, КР Экономика министрлиги Кыргызстандын кызыкчылыгын аягына чейин коргойт, жана ошону менен бирге сотто КР кызыкчылыгын коргоого Экономика министрлиги юридикалык бөлүмдүн өкүлдөрүн Москва шаарына жөнөттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу