Министр Д.Амангелдиев Баткен облусунун активи менен болгон жолугушууда өнүгүүнүн негизги стратегиялык багыттарын белгиледи.

Новости
17-Февраль 2022-ж.
2303

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев 2022-жылдын 17-18-февралында Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында Баткен облусунда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жумушчу жолугушуусу болуп, Баткен облусун өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Баткен облусунун активи, анын ичинде райондордун акимдери, райондук маанидеги шаарлардын мэрлери, шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары менен жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Министр Д.Амангелдиев Баткен районунун активи менен жолугушууда Баткен облусун өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык багыттарын белгиледи. Тактап айтканда, соода-логистикалык потенциалды өнүктүрүү, жагымдуу инвестициялык климат, туристтик жагымдуулук, айыл чарба, транспорт инфраструктурасын, ирригациялык тармактарды куруу жана реконструкциялоо, адамдардын жашоосу үчүн эң ыңгайлуу жана коопсуз мейкиндикти калыптандыруу маселелерин белгиледи.

Ал белгилегендей, өзгөчө статуска ээ болгон Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун чек арага жакын айылдары үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык, бардык ишкердик субъекттери үчүн жарактуу болгон атайын салыктык жеңилдик режими каралган. 

Ошондой эле Баткен облусунун өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын тизмесин кеңейтүү сунушу айтылды,-дейт Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун негизги күтүлгөн жыйынтыктары жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасы сунушталды.

Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын алкагында 30 ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралган. Инвестициялык долбоорлор өнөр жай, энергетика, агроөнөр жай комплекси, ГЭСтерди, ТЛК, мейманканаларды куруу, Исфана шаарындагы аэропортту модернизациялоо багытында ишке ашырылат.

Учурда инвестициялык долбоорлорду инвесторлордун сунушуна даярдоо жана кийин ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жигердүү иш алып баруусу зарыл экендиги айтылды.

Мындан тышкары жумушчу жыйындын катышуучуларына Баткен облусунун аймагында өзгөчө режимдерди түзүү боюнча мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берилди.

Учурда Баткен облусунун бардык аймагындагы салык төлөөчүлөр үчүн өнөр жай ишинин жеңилдетилген түрлөрү боюнча салыктык жеңилдиктер каралган, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

- инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү;

- жеңил жана тамак-аш өнөр жайы;

- энергетика;

- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;

- жыйноо өндүрүшү;

- экспортко багытталган ар кандай өндүрүш.

Иштин бул түрлөрү үчүн салыктык жеңилдиктер каралган:

- кызматкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 5%;

- киреше салыгынан, сатуудан салыктан бошотуу;

- жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча 2- жана 3-топтогу мүлк салыгын төлөөдөн, жер салыгын төлөөдөн бошотуу.

Жумушчу сапардын алкагында облустун ишканаларына жана Баткен, Лейлек райондорунун айыл аймактарындагы объектилерге баруу да күтүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу