Министр Д.Амангелдиев Кыргыз Республикасынын мебель өнөр жайын өнүктүрүүнү колдой турганын билдирди

Новости
15-Февраль 2022-ж.
2092

2022-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын «Эмерек чыгаруучулар союзу» болуп түзүлгөн коомдук бирикмесинин расмий бет ачарына катышты.


Кыргыз Республикасынын Эмерек өндүрүүчүлөр союзу ыктыярдуу, кесипкөй, коомдук, коммерциялык эмес уюм болуп, эмерек тармагындагы кризисти жеңүү жана рынок шарттарында өсүш үчүн зарыл шарттарды түзүү жана экспортту өнүктүрүү максатында 2022-жылдын январында катталган.


Ата мекендик 30га жакын мебель ишканалары бирикмеге мүчө.


Өз сөзүндө министр белгилегендей, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында Министрлер кабинети өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча чараларды көрөт. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги эмерек тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт жана министрлик көйгөйлүү маселелерди талкуулоого ар дайым даяр жана ачык экенин белгиледи. 


Ата мекендик эмерек өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн тармактагы кризистен чыгуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү жана рынок шарттарында өсүү жана өнүгүү үчүн зарыл шарттарды түзүү үчүн ушундай бирикмелерди жана аянтчаларды түзүү зарыл, деп баса белгиледи министр.


Азыр республиканын территориясында мебель буюмдарын чыгаруучу 100гө жакын фабрика иштейт. Алардын көбү буйрутма менен эмеректерди жасап, дизайнерлик кызматтарды сунушташат.


Мебель өнөр жайы жыл сайын 800 миллион сомдон 1,0 миллиард сомго чейин продукция чыгарат, ал эми өнер жай өндүрүшүндө анын салыштырма салмагы 0,3 процентке жакынды түзөт.


Акыркы убакта мебель ишканаларында жумуш орундары да көбөйүүдө. Өндүрүлгөн продукциянын сапаты жакшырып, ошол эле учурда жергиликтүү рыноктордо ата мекендик эмерек өндүрүүчүлөрдүн продукциясына суроо-талап өсүүдө, бул Кыргызстандын эмерек тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн абдан жакшы стимул болуп саналат.


Эгерде республикада орточо жылдык мебель буюмдарын чыгаруу 900 миллион сомго жакын болсо, анда экспорт болгону 6 миллион долларды түзөт. Белгилей кетсек, эмерек тармагындагы айрым чакан ишканалар көмүскөдө.


Эмерек продукциясынын орточо жылдык импорту 31 миллион АКШ долларын түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу