Инвестициялар экономикалык өсүштү колдоонун олуттуу фактору болуп калат, - министр Д.Амангелдиев

Новости
10-Февраль 2022-ж.
1922

Бул тууралуу 2022-жылдын 10-февралында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясынын алкагында журналисттерге билдирди.


Ал белгилегендей, 2022-жыл Кыргызстанда Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган. Буга байланыштуу бир катар экологиялык жана климаттык долбоорлорду ишке ашырууну камтыган, анын ичинде айыл чарба, энергетика, өнөр жай, токой чарбасы жана экотуризм боюнча Иш-чаралар планы иштелип чыгат.


Өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү боюнча пландарды белгилеген министр программаны иштеп чыгууга бюджетте 1 млрд сом каралганын билдирди.


«Инвестициялар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу тартылат. Мындан тышкары, жакында эле МЖӨ жөнүндө мыйзам кабыл алынды, ал инвестицияларды тартуу процесстерин бюрократиядан арылтууга багытталган. Ал абдан ачык жана айкын болуп калды. Мунун аркасында МЖӨ боюнча 3 ири долбоорду тартууга жетиштик. Ой-пикирлер оң баага татыды. Мунун эсебинен өнөр жай жана тоо-кен тармагына инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деди ал.


Ал ошондой эле Кыргызстан буга чейин Кумтөрдөн дивиденд алганын маалымдады. 2021-жылдын май айында Кумтөрдө тышкы башкаруу киргизилген. Кээ бир скептиктер өкмөт менен республика мындай өндүрүштү көтөрө албайт деп эсептешкен. «Бардык башкаруу органдары, бардык башкаруу системасы бөгөттөлгөн. Жүгүртүлүүчү каражат жок, бирок жумушчулардын тырышчаактыгынын аркасында шахтанын иши илгериледи.


Мындан тышкары, кенди иштетүүдөн түшкөн дивиденддерди республикалык бюджетке которууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деп белгиледи министр.


Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, министр ошондой эле 2021-жылы бюджетти колдоо үчүн республикалык бюджетке тышкы каражаттар тартылбаганын айтты. Бюджет 311 миллиард сомго аткарылды, бул өткөн жылдын ушул эле көрсөткүчүнөн 31 миллиард сомго көп.


Мындан тышкары, 2022-жылга бюджетке ата мекендик мамлекеттик компаниялар тарабынан стратегиялык кендерди иштетүү максатында «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын ишмердүүлүгүнө каражаттар киргизилген.


Биз Кумтөрдү иштетүүнү баштоодо кетирилген катачылыктарды болтурбай алабыз», - деди министр.


2021-жылы айыл чарбасында олуттуу төмөндөө байкалган – 6,5%. Анын айтымында, буга өткөн жылдын кургакчыл болгондугу, базанын жетиштүү даярдалбаганы себеп болгон.


Январь айынан баштап талаа иштерине даярдык иштери башталды. Тазалоочу жайларга, ирригациялык системаны тазалоо чараларына 1 миллиард сом каралган. Мындан тышкары дандын элита сортторун жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Үрөн фондусун жакшыртуу менен биз айыл чарбасындагы көрсөткүчтөрдү жогорулатабыз.


Министр ошондой эле учурда Кара-Балтадагы заводдун базасында жаадыргыч жабдууларды чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына токтолду.


Өлкө президентинин тапшырмасы менен айыл чарбасын 6% менен каржылоо программасы даярдалды», - деди ал.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу