2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы

Новости
14-Февраль 2022-ж.
2219

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2021-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 7229,1 млн долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 27,0%га өстү.


Кыргызстандын экспорту 1658,9 миллион долларды түзүп, 15,9% азайса, алтынсыз экспорт 1350,9 миллион долларды түздү жана 37%га өскөн, импорт 5570,1 млн долларды түзүп, 49,8%га өскөн.


Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 3428,0 млн долларды түзүп, 40,5%га өстү. экспорт 803,2 млн долларды (өсүү 44,9%), импорт – 2624,8 млн долларды (39,2%га өсүү) түздү.


Кыргыз Республикасынын үчүнчү өлкөлөр менен болгон товар жүгүртүүсү 3801,0 млн долларды түзүп, 16,9%га өскөн. импорт – 2945,3 млн долларды түзүп, 1,6 эсеге өстү, ал эми экспорт 39,7%га азайып, 855,7 млн долларды түздү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу