Экономика министрлиги ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын сүрөйт.

Новости
29-Январь 2014-ж.
2439

Кызылча өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын жана шекер заводдорунун өкүлдөрүнүн көптөгөн кайрылууларына байланыштуу Экономика министрлиги менен Айыл чарба министрлиги биргеликте КР ак шекерди киргизүүгө бажы алымдарын киргизүүнү караган Өкмөттүн чечиминин долбоору демилгеленди.
Долбоордун негизги максаты болуп кызылча өндүрүү чарбаларын колдоо жана ата мекендик шекер тармагын коргоо саналат.

Шекер кызылчасын өстүрүү боюнча айдоо аянттарын көбөйтүүгө кызылча өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын жогорулатуу үчүн шекер заводдору менен тоннасына 2900-3000 сом баасында шекер кызылчасын сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Шекер заводдору дыйкан чарбаларына товардык насыя катары кастарлуу үрөндөрдү жана КММларды беришкен.

Ички рыноктун суроо-талаптарын жабуу үчүн шекерди жетиштүү көлөмдө өндүрүүгө фермердик чарбалардын шекер кызылчасын өстүрүүгө кызыкчылыгын жогорулатуусу зарыл. Бирок, шекердин (кызылча шекерин кошкондо) баасына болгон коргоо режиминин жоктугуна байланыштуу анын өндүрүшүнө кеткен чыгымдарына карабастан ички рынокто импорттук продукция менен аныкталат, ал кызылча шекеринин өндүрүшүн рентабилдүү эмес кылат.

Жана бул этапта айыл чарба өндүрүүчүлөргө өздөрүнүн продукциясын чыгымсыз сатуу үчүн шарттарды түзүп бербесе мындан аркы жылдарда кызылча шекерлерин өстүрүүгө талааларын көбөйтүү мүмкүн эмес болуп калат.

Өкмөттүн милдети болуп ата мекендик өндүрүштүн тармактарын өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү саналаарын эске алып, Экономика министрлиги мындан аары да чет элдик атаандаштыктан ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү коргоо максатында тышкы соодага бажылык – тарифтик жөнгө салуу чараларын колдонууну демилгелейт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу