Экономика министрлиги Турциянын Стамбул шаарында болуп жаткан БА минералдык ресурстарын иштетүү жана колдонуу боюнча дараметин изилдөө боюнча эл аралык форумуна катышат.

Новости
28-Январь 2014-ж.
2581

"IMG-20140128-WA0007"2014-жылдын 28-январынан баштап Турция Республикасынын Стамбул шаарында “Борбор Азиянын минералдык ресурстарын иштетүү жана колдонуу боюнча дараметин изилдөө” темасында "Mining Investment Symmit" Турция-Борбордук Азия эл аралык форуму өтүп жатат.

Бул форумда Европанын жана Борбордук Азиянын мамлекеттеринин ар кандай инвестициялык жана тоо кен компанияларынын 100 жакын делегаттары катышышат.
Форумда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Жаратылыш ресурстар саясаты башкармалыгынын начальниги “Жер казынасын колдонуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүк чөйрөсүндөгү саясат” аттуу доклады менен чыгып сүйлөдү.

Ошону менен бирге А. Алимбеков форумдун катышуучуларын Кыргызстандын минералдык-чийки зат базасынын дарамети, жер казынасын колдонуу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар, мыйзамда ошого ылайык болуп жаткан өзгөрүүлөр, жер казынасын колдонуу укуктарын берүү тартиптери, Кыргызстандын кен казуу тармагын өнүктүрүү перспективалары жана жакында өткөрүлгөн аукциондор жөнүндө маалымдап өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу