КР ЭМ коллегиясы үстүбүздөгү жылдын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүүгө багытталган негизги иш-чараларды аткаруу жооптуулугун жогорулатууну токтом кылды.

Новости
27-Январь 2014-ж.
2286

"IMG“2013-жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы жөнүндө” жана “Президенттин жоболорун, токтомдорун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын талаптарын, укуктук – ченемдик актыларын, КР Өкмөтүнүн тапшырмаларын, жарандардын кайрылууларын жана 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча министрликтин өзүнүн чечимдерин аткаруу боюнча аткаруу тартибинин абалы жөнүндө” маалыматты угуп жана талкуулап көрүп, КР Экономика министрлигинин коллегиясы токтом кылды:
Жогоруда айтылган маалыматтар, сунуштар жана пикирлер эске алынсын.

Министрликтин бардык түзүмдүк бөлүктөрүнө:
 тескөөчү багыттар боюнча 2014-жылга каралган максаттуу көрсөткүчтөргө жетүүгө багытталган негизги чараларды сапаттуу жана өз убагында аткарууга болгон жоопкерчилик жогорулатылсын жана толук чаралар кабыл алынсын;
 актылардын, жогору турган органдардын жана ошондой эле өздөрүнүн чечимдерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу маселелери боюнча түзүмдүк, территориялык бөлүмдөрүнүн начальниктерине жана министрликтин ведомство алдындагы органдарынын жетекчилерине тийиштүү аткаруу тартибин камсыз кылуу жана талапты жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу зарылдыгына көңүл бурушсун;
Министр, коллегиянын төрагасы Темир Сариев белгилегендей, мамлекеттеги социалдык-саясаттык кырдаал жагынан алып карасак 2013-жыл биз үчүн бир топ кыйын болду.

Парламентаризмдин өнүгүү чыгымдары азыр дагы байкалып турат. Кээде кереги бар, кереги жок көптөгөн чыр-чатактар, талаш-тартыштар болду. Көптөгөн маселелер саясатташып кетти. Бирок булардын баары 10,5 % өсүшкө жетишкенге жолтоо болгон жок. Ал эми инфляция 4 % деңгээлде кармалып турду.

2013-жылдын январь – октябрь айларына КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча доклады менен министрдин орун басары Санжар Муканбетов чыгып сүйлөдү.

Ал эми экинчи маселе боюнча статс-катчы Айдай Курманова чыгып сүйлөдү, ал аткаруу тартиби боюнча ар дайым мониторинг жана талдоо жүргүзүлүп жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын арыздары жана даттануулары өзгөчө контролдо турат деп белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу