Экономкоммерцминистрлигинде кыргыз-казахстандак мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү товрлар боюнча жумущчу кеңешме өткөрүлдү

Новости
03-Февраль 2022-ж.
2412

Бүгүн, 2022-жылдын 3-февралында КР экономика жана коммерция министрлигинде Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин катышуусу менен айрым мамлекеттик органдар жана өнөр жай тармагында иш жүргүзгөн экспортер-ишкерлердин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрүлдү.


Бул кеңешмеде ишкерлер Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына жүк ташууда Казахстан Республикасы тарабынан болгон чектөөлөр менен байланышкан проблемаларды айтышты.

Учурда транзиттик жүктөрдү кечиктирүүлөр дээрлик туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Автомобилдерди кароонун меенеттеру 10 суткага же андан да кепке чейин жетет, ал эми товарларга зыян келтируу фактылары белгиленет, анткени. унааларды кароо учурунда ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кийимдери жөн эле жерге ыргытылат жана продукциясы өзүнүн презентациясын жоготот.


Көптөгөн жеңил өнөр жай ишканалары продукцияларды Россия Федерациясынын дүкөндөр тармагы менен түзүлгөн келишимдердин негизинде чыгарышат жана бул продукциялар сезондук мүнөзгө ээ экендигин, ал тургай бир жумага кечигүү негизги сатуу рынокторунда суроо-талапты төмөндөтүп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Ошол эле учурда келишимдик милдеттенмелерди өз убагында аткаргандыгы үчүн кардарларга айыппулдар салынып, ишканалар жыл ичинде иштелип чыккан келишимдерди жоготуу коркунучуна дуушар болушат.


Ишкерлердин айтымында, Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү транзиттик жүктөрдү текшерүүнүн жана жол-жоболоштуруунун күчөтүлгөн чаралары Казакстандын эл аралык соода эрежелерин сактабагандыгы, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосунда адилетсиз атаандаштыкты жаратып, тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Казакстан биримдиктин ички рыногунда эркин жүрүүнү камсыз кылууга багытталган ЕАЭБде товарлардын эркин жүрүү принциптерин бузуп жатат.


Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды, алар Казакстан Республикасында өтө турган расмий жыйынга киргизилет жана талкууланат.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу