Унду импорттоого убактылуу коргоо чараларын киргизүү оң жыйынтыктарды берди.

Новости
23-Январь 2014-ж.
2474

КР Экономика министрлиги КР “Коргоо чаралары жөнүндө” мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы “Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө” токтомуна ылайык республиканын территориясына буудай унун импорттого убактылуу коргоо чараларын киргизүү менен бирге териштирүү башталды.

Териштирүү процедурасы бүткөнгө чейин, убактылуу атайын коргоо алымы 7 айга киргизилген.
КР Экономика министри Темир Сариевдин ун салдыруу өдүрүшүнүн өкүлдөрү менен болгон жолугуушсунда, буудай унун алып келүүдө убактылуу алымдарды киргизүүнүн оңжактары бар экени белгиленди.

Кыргызстандын Ун салган иш - каналар комитетинин маалыматы боюнча ата мекендик ун салган иш-каналардын өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү 42 % түздү. 93673,3 тонна улпак өндүрүлдү, ошого жараша тоюттун баасы 10 сомдон/кг 5 сомго/кг баанын төмөндөшү байкалып, ал мал чарбачылыкка жана канаттуулар чарбасына маанилүү колдоо көрсөттү.

Мындан сырткары жолугушуунун жүрүшүндө өндүрүштүн динамикасы, иш-каналардын көрсөтүлгөн финансылык экономикалык көрсөткүчтөрү, ун жана буудай рыногунун талдоосу, киргизилген чаралардын оң натыйжасы республиканын территориясына буудай унун импорттоого коргоо чараларын узартуу боюнча оң чечимди чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароого болот деп белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу