МКМИ өлчөмдөрдүн анык эмес жыйынтыктарынын натыйжасын маалымдоону улантып жатат.

Новости
22-Январь 2014-ж.
2522

2014-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы (КРМЭ алдындагы МКМИ) “Бишкек шаарынын базарларында колдоно турган өлчөмдөрдүн каражаттарын метрологиялык камсыздоо” темасында базарлардын башчыларынын катышуусу менен тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдун максаты болуп өлчөмдөрдүн анык эмес жыйынтыктарынын натыйжасынан жарандардын укуктарын коргоо тууралуу коомчулукту маалымдоо саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө МКМИнин мүдүрү Айнура Ахметжановна ченөө бирдейлигин камсыз кылууда мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн базарлардын башчыларынын жоопкерчилиги чоң экенин айтып өттү.

Тегерек столдун катышуучуларына өлчөмдөрдүн анык эмес жыйынтыктарынын натыйжасынан жарандардын укуктарын коргоо боюнча маалымат берилди, ошону менен бирге нааразыларды, суроолорду жана сунуштарды кабыл алуу үчүн МКМИнин маалым даректери менен таанышышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу