КР ЭМ статс-катчысынын жана РФдагы Жаңы Зеландиянын КРна акредитацияланган элчисинин болуп өткөн жолугушуусунда экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды.

Новости
21-Январь 2014-ж.
2484

2014-жылдын 21-январында КР Экономика министрлигинде статс-катчынын жана Россия Федерациясындагы Жаңы Зеландиянын Кыргыз Республикасына акредитацияланган элчиси Хэмиш Купер мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Жаңы Зеландия тарап экономикалык өсүштү камсыз кылуу, атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүү жана бизнес үчүн ылайыктуу шарттарды камсыз кылуу боюнча КР Өкмөтүнүн чаралары жөнүндө жана ошондой эле КР Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы жана 2013-2017-жылдарга КР туруктуу өнүктүрүүгө өтүү программасы жөнүндө маалымат алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар товар алмашуунун төмөн деңгээлин белгилеп өтүштү (2012-жылга 600 миң АКШ долларын, ал эми 2013-жылдын 11 айына 200 миң АКШ долларын түздү). Мындан сырткары инвестиция, туризм, тоо кен казуу, жашыл экономика маселелери да талккуланды. Кыргыз Республикасынын ДСУна мүчөлүгүн жана Бажы биримдигине кирүү маселелерин карап чыгышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу