КР экономика жана коммерция министри Д. Амангелдиев кыргызстандыктарды келе жаткан Жаӊы жыл менен куттуктайт

Новости
31-Декабрь 2021-ж.
3524



                       Жаны жылыӊыздар менен, урматтуу мекендештер!

          


Ар бир жыл ɵзүнүн жакшы жактары менен эсте калат. Чыгыш календары боюнча ɵтүп бараткан 2021-Өгүз жылы да элибиздин эсинде урунттуу учурлары менен эсте калды. Жаӊы Конституциянын кабыл алынышы, КР Президентинин бүткүл эл тарабынан шайланышы, жаӊы Жогорку Кеӊештин депутаттарынын шайлоосунун таза ɵтүшү эл аралык абройлуу уюмдардын, чет ɵлкɵлүк байкоочулардын купулуна толду. Мына ушундай таза кадамдардан кийин коомубузда туруктуулук пайда болуп, элибиздин келечекке болгон ишеними артты.

          

021-Өгүз жылы ɵзүнүн эстафетасын 2022-жылга, башкача айтканда,    Жолборс жылына ɵткɵрүп берип жатат. Жаңы жыл ɵлкɵбүздүн экономикасынын ɵсүшүнɵ бурулуштарды алып келет деген оптимисттик ойдо турабыз. Буга бизде бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар.

          

2022-жылы ɵлкɵбүздүн экономикасында «Жолборс секирик» жасалып, корообуз малга толсун, кампабыз данга толуп, жаӊы ишканалар, демек, жаңы иш орундар ачылып, ишибиз илгерилесин. Ар бир үйдɵ наристенин күлкүсү жаӊырып, молчулук, токчулук болсун!

          

Жаӊы жылыӊыздар менен, урматтуу кыргызстандыктар!



          



Урматтоо менен,

министр                                                                     Д. Амангелдиев 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу