Кыргызстан 6 жыл бою эң жакшы улуттук азык-түлүк товарларын көрсөтүп, Берлин көргөзмөсүнүн катышуучусу болуп келе жатат.

Новости
20-Январь 2014-ж.
2572

2014-жылдын 17- январынан 26-январына чейин калк үчүн Берлиндеги эл аралык Жашыл апта өзүнүн эшигин ачты. Бул жарманке 79-жолу өтүп жатат жана10 күндүн ичинде жарманкени 400 000 ашык кардарлар келип көрүшөт.

Эл аралык айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана бакчылык көргөзмөсү жаңы рекорддук сандарды белгиледи: 86 жылдык тарыхта 26 павильондук комплекс, 124 000 метр кв. көргөзмө аянты болду.

Дүйнөнүн 70 мамлекети тарыхта эң жогорку эл аралык катышууну көрсөтүшүүдө. Бул жакта дүйнөнүн бардык континентинен келген көргөзмөнүн 1650 катышуучусу тамак-аш өнөр жайынын дүйнөлүк рыногун көрсөтөт.

Кыргызстан 6 жыл бою эң жакшы улуттук азык-түлүк товарларын, дары чөптөрүн, органикалык жана био-продукцияларын, коньяк продукцияларын жана улуттук ичимдиктерин көрсөтүп, Берлин көргөзмөсүнүн катышуучусу болуп келе жатат.

Кыргызстандын стендинде төмөндөгүдөй белгилүү компаниялардын продукциялары көрсөтүүгө коюлду: «Шоро», «Артезиан», «Кыргыз коньягы», «Sultan Food & Beverages», «Top Notch», «Оско», "Кыргызцентрпродукт", «EUM», «Лесной продукт», «Эрфрут», «Алыш-Дан», «Одно село - один продукт», «MySnax».

Кыргызстандын «Жашыл апта - 2014» көргөзмө-жарманкесине катышуусу КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, КР Экономика министрлиги, КР Соода – өнөр жай палатасы, Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун колдоосу менен ГФРдагы КР Элчилиги тарабынан уюштурулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу