Мамлекеттин Парламенти Кыргызстандын жана Европа инвестициялык банкынын ортосундагы алкактык келишимди кабыл алды.

Новости
15-Январь 2014-ж.
2528

Бүгүнкү отурумдун жүрүшүндө депутаттар Кыргыз Республикасынын “2013-жылдын 17-сентябрында Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасындагы Европа инвестициялык банкынын ишин жөнгө салган КР жана Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) ортосундагы алкактык келишими жөнүндө” мыйзамдын долбоорун карап чыгышты жана кабыл алышты.

Министрдин орун басары Санжар Муканбетов белгилегендей Европанын банкы эң ири насыя берүүчү мекеме болуп саналат. Насыя куржунунун көлөмү 72 млрд. еврону түзөт жана банк тарабынан Борбор Азияга 100 млн. евро көлөмүндө каражат каралган.

Банктын ишинин негизги максаты - бул коомдун кызыкчылыгы үчүн жалпы рынокту туруктуу жана баланстуу (теңдүү) өнүктүрүүгө демилге берүү болуп саналаарын министрдин орун басары маалымдап өттү. Бул максатка жетүү үчүн ал, мүмкүнчүлүгү бар болгон капитал рыногунун ресурстарын жана өзүнүн ресурстарын колдонот. Банк начар өнүккөн региондорду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн насыяларды жана кепилдиктерди берет.

ЕИБ насыяларын берүү шарттары:
 насыя берүүнүн чени: Еврибор + (сунуштун Европалык банктар аралык ченеми (European Interbank Offered Rate, Euribor) – евро менен берилген банктар аралык насыялар боюнча орточо пайыздык ченем) КР Өкмөтү үчүн 1% (0.75/0.85) тегерегинде;
 энергетика жана айлана чөйрөнү коргоо тарабындагы приоритеттүү долбоорлор;
 долбоордун минималдык суммасы 10,0 млн.евродон кем эмес;
 насыяны төлөө мөөнөтү 15 жыл, жеңилдетилген мезгил 1-3 жыл - пайыздар гана төлөнөт жана бул мөөнөттүн убагы бүтөөрү менен карыздын негизги суммасы төлөнө баштайт;
 долбоорлорду кароонун жана тандоонун болжолдуу мөөнөтү 10-12 айды түзөт.

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча ЕИБ Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында каржылоо үчүн долбоорлорду сынактын гана негизинде тандалат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу