Региондордо "Караван экспорт-2021" маалыматтык кампаниясы өз ишин баштады

Новости
02-Декабрь 2021-ж.
6022

Өлкөнүн экспорттоочуларына ата мекендик товарларды тышкы рынокторго чыгарууда көмөк көрсөтүү, продукцияны өндүрүү жана экспорттоо маселесине байланышкан инновациялар жана тенденциялар жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин экспорттоочу ишкерлердин көйгөйлөрүн талдоо, аларды чечүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында 2021-жылдын 5-декабрынан 17-декабрына чейин ПРООНдун “Соодага көмөк” долбоорунун колдоосу менен Республиканын аймактарында жыл сайын өтө турчу «Экспорт кербени-2021» маалыматтык кампаниясын өткөрүү пландаштырылууда.


Ошол эле учурда,  бул жылы “Экспорт кербени-2021-дин” негизги темасы – “Электрондук коммерция”.

Муну менен катар иш-чаранын программасында төмөнкүдөй негизги темалар  камтылган:

- экспорттоо үчүн онлайн куралдар;

- экспортту каржылоо;

- жеңилдетилген шарттарда экспорттоо;

- бизнес-пландарды жазуу ж.б.


"Экспорт кербени-2021":


6-декабрь, Талас шаарында;

8-декабрь, Нарын шаарында;

10-декабрь, Каракол шаарында;

13-декабрь, Баткен шаарында;

15-декабрь, Ош шаарында;

16-декабрь, Жалал-Абад шаарында өтөт.


Эгерде сиз бул шаарларда жайгашып жана экспортер-өндүрүүчү болсоңуз, 0312 620535 + 257, 0705795533 номерлери аркылуу алдын ала катталып, бул иш-чаранын катышуучусу болууну сунуштайбыз. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу