Фотоэлектрдик жана ГЭСтердин окшош долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө макулдашууларга кол коюлду

Новости
02-Декабрь 2021-ж.
6674

2021-жылдын 1-декабрында КР Экономика жана коммерция министрлигинде министр Данияр Амангельдиевдин жана КР Финансы министри Алмаз Бакетаевдин “Экоэнер Инвершнс” компаниясынын аткаруучу директору - директорлор кеңешинин төрагасы Луис Де Вальдивиа баштаган “Экоэнер Инвершнс” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга “Экоэнер Инвершнс” эл аралык бизнести өнүктүрүү боюнча директору Дэвид Колль Гонсалес мырза жана Борбор Азиядагы бизнес-менеджер Рикардо Томас мырза, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу МЖӨ борборунун өкүлдөрү катышты.

Бул жолугушуунун алкагында түз инвестициянын эсебинен күн электр станцияларын куруу, ошондой эле “Экоэнер Инвершнс” компаниясынын катышуусунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу менен ГЭСтерди куруу боюнча маселелер талкууланды.


Аталган компания бүткүл дүйнө боюнча ЭКБ (энергиянын кайра жаралуучу булактары), гидроэлектрстанциялар, шамал жана күн электр станциялары чөйрөсүндөгү долбоорлордо 30 жылдык тажрыйбага ээ.


Жолугушуунун жыйынтыгында фотоэлектрдик жана ГЭСтердин окшош долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.


Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика чөйрөсүндөгү “Экоэнер Инвершнс” компаниясы менен кызматташуунун башка маселелери талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу