“КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол коюлду.

Новости
14-Январь 2014-ж.
2461

2014-жылдын 13-январында мамлекеттин Президенти “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул мыйзам республиканын Парламенти менен 2013-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Бул мыйзамды кабыл алуунун максаты болуп Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин өзүнчө жоболорун жакшыртуу жана “КР техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” мыйзамына ылайык келтирүү саналат.

Жогоруда айтылган мыйзамды ишке ашыруу максатында техникалык жөнгө салуу системасын реформа кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын бир нече техникалык регламенттери кабыл алынган.

Бул мыйзамды кабыл алуу көзөмөлдөө органдарына техникалык регламенттердин жана башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн ылайыктуу чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу