КР Экономика жана коммерция министрлигинде Малайзиянын эт халал паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоору талкууланды

Новости
29-Ноябрь 2021-ж.
5846

2021-жылдын 29-ноябрында КР Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Жарасул Абдураимовдун, техникалык жөнгө салуу жана метрология бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн, МЭК алдындагы “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” ММ, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Малайзиядан келген эксперттер менен бирге баштапкы отчетту талкуулоо жана консультанттар тобуна пикир билдирүү үчүн долбоорду кароо боюнча жыйыны болуп өттү.


Аталган жыйын Кыргыз Республикасы, Ислам Өнүктүрүү банкы жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосунда Кыргыз Республикасындагы эт хала паркы үчүн техникалык-экономикалык негиздөөнү даярдоодо техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө Макулдашууну” ишке ашыруунун алкагында өттү.


Жыйындын жүрүшүндө Kyrgyz-Malaysian Corporation, Halnex, CSQ-Law Advocates and Solicitors Консорциуму даярдаган баштапкы отчет талкууланды, эркин экономикалык аймактар (ЭЭА) боюнча, Кыргызстандын тышкы соодасын илгерилетүү, долбоордун экономикалык аспектилери, улуттук бюджет жана мамлекеттик чыгымдар боюнча брифингдер өткөрүлдү.


Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрынан 3-декабрына чейин КР министрликтеринин, ведомстволорунун жана жеке уюмдарынын өкүлдөрү менен, анын ичинде: Финансы министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Улуттук статистика комитетинин, КУАУнун алдындагы биотехнология институтунун, “Торо”, “Тойбос” ЖЧКнын, эт халал паркы жайгашкан потенциалдуу жерлерди кароо жана талдоо үчүн КР региондоруна баруунун өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылган.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу