Министр Д. Амангельдиев: Түзүмдүк реформалар-экономиканы өнүктүрүү үчүн зарыл шарт

Новости
26-Ноябрь 2021-ж.
2943

Бул тууралуу бүгүн, 2021-жылдын 26-ноябрында КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жөнүндө” маселе боюнча КР Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.


“Азыркы учурда экономикалык коопсуздук абстракттуу түшүнүк эмес, өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүнө коркунучтарды кантип азайтуу керектигин аныктоо зарылчылыгы. Өлкө барган сайын дүйнөлүк экономикалык терс процесстердин таасирине кабылып, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга дуушар болууда, анын таасири менен чечилбеген ички көйгөйлөр барган сайын курчуп жатат. Бүгүнкү күндө ушул жааттагы көйгөйдүн маңызын ачуу, реалдуу коркунучтарды табуу, ага каршы күрөшүүнүн ишенимдүү жана натыйжалуу ыкмасын сунуштоо өтө маанилүү болуп турат” - деп белгиледи министр.


Анын айтымында, экономикалык коопсуздуктун алда канча олуттуу коркунучтарына азык-түлүк жана керектөө товарлары боюнча импорттук көз карандылыктын көбөйүүсү келтирилген. Бүгүнкү күндө кыргыз рыногунда азык-түлүк, керектөө товарларынын 70 %дан ашыгы жана дары-дармектердин 90 %дан ашыгы импорттолот. 


Агро өнөр жай секторундагы өндүрүмдүүлүктүн жана рентабелдүүлүктүн төмөндүгү азык-түлүк товарларынын импорттолуп келишине себеп болуп саналат, ал 25-30 % болгон экономикалык чектен ашып, 35-40 %га чейин жетти. Мисалы, өсүмдүк майын (80 %дан ашыгын), дан эгиндерин (40 %га чейин), кантты (23 %га чейин) жана башкаларды сырттан алып келүүгө муктажбыз.

Ошондуктан керектөө товарларынын импортун кыскартуу жана алардын ордун өзүбүздүн өндүрүштөр менен алмаштыруу максатында Импорттун ордун алмаштыруу программасын иштеп чыгуубуз керек. Маселелердин чоң комплексин чечүү зарыл. Мисалы, фермерлерди колдоо боюнча Турукташтыруу фонду талап кылынат, фермерлерде дайыма суунун болушу үчүн ирригация программаларын өнүктүрүү зарыл, бул үчүн суу инфратүзүмүнө чоң инвестицияларды тартуу керек.


Мындан тышкары ата-мекендик өндүрүштү мамлекеттик сатып алуулар аркылуу өнүктүрүү үчүн аны жөнөкөйлөтүү зарыл жана ата-мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдиктер жана социалдык-маанилүү товарларды сатып алуу кепилдиги берилиш керек. Иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу менен 2025-жылга карата азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга болот.


Мындан тышкары, республика мунай жана мунай продуктуларынын импортуна өтө көз каранды. Учурда күйүүчү майга болгон дүйнөлүк баанын  кымбаттыгынан улам кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жатабыз. Республикада күйүүчү-майлоочу майлар жыл башынан тартып кымбаттап жатат, бирок анын наркы коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу эң төмөн. Белгилей кетсек, мындай кырдаал Министрлер Кабинети тарабынан баалар кармалып, мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин киргизгенине байланыштуу. Бирок, өлкө экономикасы ачык-айкын экенин эске алуу керек, мындан ары бааларды кармап туруу биздин өлкөбүз соода каналдары аркылуу агымдын эсебинен коңшу мамлекеттерге субсидия бере турган кырдаалга алып келиши мүмкүн. Андыктан мындай абалды мындан ары улантуу мүмкүн эмес, жана аймактагы баалар теңелишине даяр болуу зарыл. Ушуга байланыштуу калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүүдө көрсөтүлүүчү жардамдардын даректүүлүгүн жакшыртуу, үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен мамлекеттик колдоонун көлөмүн көбөйтүү зарыл. Калкты тейлеген муниципалдык транспортко күйүүчү майга кеткен чыгымдарды субсидиялоо системасын киргизүү зарыл, электромобилдерди колдонууга, альтернативдик отун менен жүрүүгө жеңилдиктер керек - деп белгиледи министр.


Биздин экономика бир “Кумтөр” кенинин ишинен көз каранды, ал ИДПнын 9% га жакынын түзөт. 


Ошондой эле, Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы экономиканын диверсификацияланбагандыгын белгиледи. Кыргызстан көз карансыздыкка ээ болгондон бери, экономиканы өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга туш болуп, бүгүнкү күнгө чейин өндүрүштү жөнгө салууда көйгөйлөр бар. Биздин экономика бир “Кумтөр” кенинин ишинен көз каранды, ал ИДПнын 9 %га жакынын түзөт. Бүгүнкү күндүн башкы милдети экономикалык түзүмдү реформалоо (диверсификациялоо) болуп саналат. Биз жаңы гана ишканаларды түзбөстөн, кошумча нарк чынжырчасын түзүшүбүз керек. Жаңы технологияларды тартууну мындан ары да стимулдаштырып, иштеп жаткан өнөр жай ишканаларына инвестицияларды тартуу, алардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу керек. Бирок, эгерде инвесторлорду тартуу үчүн мамлекет жөнгө салуу үчүн лоялдуу шарттарды түзүп, коопсуздук кепилдиктерин берсе, бирок жеңилдетилген узак мөөнөттүү акча каражаттары менен камсыздандыруу маселеси ачык бойдон калууда.


Буга жардам бере турган фонддор түзүлүүдө, бирок бул абалдан тез жана сапаттуу чыгып кетиш үчүн бул жетишсиз. Банк секторунун колдоосу да керек. Улуттук банк инфляцияны турукташтыруу боюнча гана эмес, аны учурдагы жогорку деңгээлин түшүрүү боюнча чараларды улантыш керек. Коммерциялык банктар операциялык чыгымдарды жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн өз иштерине заманбап санариптик технологияларды киргизиши зарыл, анын наркы пайыздык ставкаларга кошулат. Бул өнөр жай ишканалары үчүн жабдууларды жаңыртуу/сатып алуу үчүн пайыздык  ставкаларды төмөндөтүү үчүн зарыл.


Экономиканын татаалданышын кошумча нарк чынжырларын көбөйтүү жолу менен жүргүзүү зарыл. “Эртеңки” экономикалык реалдуулук үчүн кадрларды даярдоо аркылуу билимди көп талап кылган тармактарды жандандыруу зарыл. Өнөр жай секторунда тематикалык жана аймактык кластерлерди өнүктүрүүгө басым жасалат. Борбордук энергия менен камсыздоонун жүгүн азайтуу жана электр энергиясынын импортун алмаштыруу үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) менен өзүн-өзү камсыздоочу локализацияланган ишканаларды түзүү зарыл, - деп билдирди.


Мындан тышкары,министр экономиканы өнүктүрүүдө экспорттук-сырьё моделинин сакталышы жөнүндөбилдирди. Товарлардын экспортунун негизин сырьёну ташып чыгуу түзүп жаткан шарттарда (2020-жылы 70 %дан ашык, анын ичинде кен эмес сырьёлор (11,5 %), айыл чарба продукциялары (12,8 %), баалуу металлдар (50%)), кошумча нарк башка өлкөдө түзүлөт, натыйжасында эркин өндүрүштүк кубаттуулуктар туруп калууда. Ар бир облуста өзүнүн региондук өнүктүрүү фонду түзүлгөн, анын каражаттары да жаңы ишканаларды түзүүгө багытталат. Ал эми жергиликтүү бюджеттердин финансылык жүгүн азайтуу максатында алардын чыгашаларынын бир бөлүгү, мисалы, коммуналдык кызматтарга төлөө республикалык бюджетке өткөрүлгөн.


Айыл чарба министрлиги кайра иштетүү үчүн жеңилдетилген режимди киргизүүгө мүмкүн болгон артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тизмесин аныкташы зарыл. “Айыл чарбасын каржылоо” программасын кайра карап чыгып, ар бир облуска Айыл чарба министрлиги аныктаган продукцияга гана субсидия берилиши керек.


Ошондой эле министр тышкы инвестициядан көз каранды экенин билдирди. Соңку жылдары, тышкы карызга байланыштуу маселелер өлкөнүн көзкарансыздыгына коркунучтар катары каралууда. 2021-жылдын октябрына карата мамлекеттик карыз 4 865,85 млн. АКШ долларын түздү, анын ичинен 85,3% - тышкы карыз, 14,75% - ички карыз. Тышкы карыздардын көпчүлүк бөлүгүн Кытай Экспорттук-импорттук банкына карыз (1 764,95 млн. АКШ долларын) түзөт, бул жалпы тышкы карыздын көлөмүнүн 42,5%ы.

Мындай түзүлгөн жагдайда чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы үчүн шарттарды түзүү жана ата мекендик инвесторлорду кеңири тартуу менен тышкы карыздын көлөмүн азайтууга багытталган жол-жоболордун үстүндө иштөө зарыл.


Ишкердик чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу өнүгүү үчүн инвестицияларды тартууга тоскоол болгон тобокелдиктер жана коркунучтар менен коштолот. Жеке менчикти коргоо укуктарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер толук аткарылбай жатат деп эсептеген инвесторлордун ишеними төмөндөп баратканы белгилүү. Иштеп жаткан ишканаларды жана компанияларды рейдердик басып алуу аракеттери, аймакты өнүктүрүү боюнча долбоордун пайдасы тууралуу маалыматтын жоктугунан, жергиликтүү калктын каршы мамилелери жана башка көптөгөн факторлор бардыгы экендиги жашыруун эмес.


Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн мамлекеттик кепилдиктер аркылуу инвестициялардын кол тийбестигин камсыздоого болгон мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүү керек, чет өлкөлүк инвестор инвестициялоого кызыкдар боло турган жагымдуу шарттарды түзүү зарыл (ыңгайлуу салык режимин, преференцияларды түзүү, инвесторлордун жана ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын катуу коргоо, жогорку сапаттагы санариптик мамлекеттик кызматтарды алуунун жеткиликтүүлүгү жана натыйжалуулугу ж.б.), - деп билдирди Д.Амангельдиев.


Андан тышкары министр мигранттардын акча которууларына болгон көзкарандылыкка кыскача токтолду. Эмгекке жарамдуу калк өлкөдөн чыгып кетүүнү улантууда. Соңку беш жылдын ичинде акчалай которуулар ИДПнын 30%ын түздү (2016-2020-жж.). Бул өлкөнүн бюджетинин чыгашаларынан (2,1 млрд. АКШ доллары) жана тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүнөн бир кыйла жогору. Жаңы ишканаларды ачуу, кошумча айыл чарба жерлерин киргизүү, ирригациялык системаны жакшыртуу боюнча иштерди толук ишке ашыруу, кластерлерди түзүү аркылуу өлкөдө жумуш орундарын түзүү керек - ошондуктан биз бул ишти баштай алабыз, - деп толуктады министр.


Өлкөнүн өнүгүүсүнүн дагы бир фактору - бул өлкөдө болуп жаткан бардык экономикалык процесстерди санариптештирүү экендигин белгиледи министр. Бул концепция бир гана фискалдаштырууну жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүүнү камтыбайт. Ал айыл чарба, өнөр жай продукциялардын электрондук соода биржаларын түзүү, инженердик-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү гана эмес, ошондой эле экономикалык параметрлерди чагылдыра турган карталарды түзүүнү камтыйт - деп белгиледи.


Ошондой эле министр көмүскө экономиканын үлүшүнүн жогору бойдон калуусу тууралуу билдирди. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын көлөмү 1995-жылы 1,4 млрд. сомдон 2010-жылы 42 млрд.сомго чейин, же 30 эсеге өскөн, ал эми 2019-жылы 145,2 млрд. сом болгон, же 100 эсеге өскөн. Аталган сумма ИДПга карата 8,4 %дан 23,5 %га чейин көбөйдү, ал эми PricewaterhauseCoopers эл аралык компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, ал ИДПнын 37 %ын түзөт. Көрүлгөн чараларга карабастан, анын үлүшү көбөйүүдө, демек, чаралар натыйжасыз болуп жатат. Ушуга байланыштуу экономикалык иштердин бардык секторлорунда санариптештирүүнү кеңири жайылтуу зарыл. 


2022-жылдын бюджетинде Салык инспекциясына жыйымдарды 50 млрд сомго, Бажы инспекциясына 65 млрд сомго жогорулатуу милдети коюлган. Бул үчүн салыктарды жана төлөмдөрдү төлөөдөн качуунун эски көмүскө схемаларын жоюу зарыл.


Фискалдаштыруу, электрондук эсеп-фактураларды кеңири колдонуу, товарларды маркировкалоо, кассалык аппараттарды колдонуу  бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө гана жардам бербестен, экономиканы көмүскөдөн чыгарууга да шарт түзөт. Мындан тышкары, бардык жерде мобилдик телефондор аркылуу товарларга төлөө тартибин киргизүү зарыл, бул накталай төлөмдөрдүн көлөмүн гана кыскартпастан, сатуучулардын ККМ сатып алуудагы чыгымдарын азайтат жана аларды бүткүл республика боюнча ишке ашырууну тездетет.


Жыйынтыгында министр Д.Амангелдиев белгилегендей, учурда өлкөдө экономикалык активдүүлүк дагы эле төмөн деңгээлде, эпидемиологиялык кырдаал жана калктын кирешесинин азайышы кошумча чектөөчү фактор болууда. Үстүбүздөгү жылы 2 План кабыл алынды, алар коронавирустун жайылышына каршы күрөштүн алкагында иштелип чыккан жана негизинен антикризистик чараларды камтыйт. Кабыл алынган ыкчам иш-чаралардын жана өнүктүрүү орто мөөнөттүү программаларын ишке ашыруунун натыйжасында экономикалык активдүүлүк акырындык менен калыбына келип жатат. Акыркы эки айдын ичинде (ушул жылдын сентябрь-октябрь айлары) экономикалык өсүштүн оң тенденциясы байкалды. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүшү 1,6 % оң деңгээлге жетти, Кумтөрдү эсепке албаганда, ИДПнын өсүшү 4,1 %ды түздү.


Быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча инфляциянын орточо жылдык деңгээли 111,9 %ды түздү. Мындан ары келечек үчүн иштешибиз керек. Беш жылдык өнүгүү планын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, ал өз ичине экономиканын түзүмдүк өзгөрүүлөрүн, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну, экономиканын негизги тармактыр үчүн импортту алмаштыруу боюнча чаралар, кооперациялык байланыштар, санариптик технологияны пайдалануу менен жаңы бизнес моделдерди түзүүнү камтыйт. 


Бүгүнкү күндөгү көрүнүштөр бийликтин бардык бутактарынын, ишкер коомдун жана коомчулуктун кеңири катмарынын биргелешкен аракеттерин талап кылат.

Ушунун баары, тынымсыз өзгөрүп туруучу шарттарында, макроэкономикалык саясатты иштеп чыгууга багытталган экономиканы коргоонун ыкмаларын издөөнүн, аны өнүктүрүүгө болгон мамилени иштеп чыгуунун зарылдыгын аныктайт, жана биздин пикирибиз боюнча улуттук экономикалык коопсуздук концепциясында камтылышы зарыл жана экономикалык коопсуздуктун белгиленген индикаторлору, алардын чектик маанилери аныкталышы маанилүү.

Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуу, ишенимдүү системасы гана өлкөнүн көз карандысыздыгынын жана социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүнүн кепилдиги боло алат” – деп жыйынтады министр



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу