Экономика министрлигинде КР Соода саясатынын серебинин жыйынтыгы боюнча тегерек стол өтүп жатат.

Новости
14-Январь 2014-ж.
2468

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында КР Соода саясатынын серебинин жыйынтыгы боюнча соода саясаты маселеси боюнча тегерек стол өткөрүлүп жатат, ал 2013-жылдын 19-21-ноябрында Женевадагы Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) штаб-квартирасында көрсөтүлгөн.

КР Экономика министринин орун басары Данил Ибраев белгилегендей, Соода саясатынын обзору - аныкталган убакытта эрежелерди жана ченемдерди аткарууну мониторингдөө максатында бардык ДСУ мүчө-мамлекеттери үчүн милдеттүү жол-жобо болуп саналат.

КР Экономика министри Темир Сариев башында турган Кыргызстандын өкүлдөр тобунун катышуусу менен Кыргызстандын соода саясатын изилдөө боюнча эки күндүк тегерек столдун жүрүшүндө, ДСУ мүчө-мамлекеттеринин соода саясатына тиешелүү болгон суроолоруна жооптор айтылды, алардын ичинде: бажы тартиби, алып келүүдөгү колдонулуп жаткан тарифтик алымдар, транспаренттүүлүк, инвестиция, айыл чарба, санитардык жана фитосанитардык чаралар, техникалык жөнгө салуу, Бажы биримдиги менен интеграциялоо, банктык сектор, лицензиялоо ж.б. маселелер да бар. Мындан тышкары ДСУ мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрү көңүл бурууну жана уруксат берүүнү талап кылган элементтерди көрсөтүп, соода саясатын ДСУнун тартиптерине жана жол-жоболоруна ылайык келтирүү максатында реформаларды тереңдетүү боюнча суроолорду берип жатышты.

ДСУ мүчө-мамлекеттери тышкы соода режиминин ачык саясатын улантуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракетин жактырышып, кайсы жерде кошумча жумуш талап кылынаарын аныктап беришти, айрыкча инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу үчүн транспаренттүлүктү жана алдын алууну күчөтүү максатында укук колдонуучу иш-тажрыйбаны жакшыртуу үчүн мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу, көп жактуу соода системасынын бөлүгү катары узак мөөнөттүү кызматташтык жана улуттук экономикага болгон ишенимди жакшыртуу деңгээлиндеги кошумча жумуштарын аныкташты.

Кыргыз өкүлдөр тобу ДСУ мүчөлөрүнүн көргөн камына ыраазычылыгын билдирип, эл аралык жана эки тараптуу донорлор менен кызматташуусу зарыл болгон санитардык жана фитосанитардык чаралар, соодада техникалык жолтоолор, бажылык башкаруучулук чөйрөлөрдөгү саясатты реформалоону улантуу үчүн кызыктар тараптар жактан колдоо кректигин белгилеп өтүштү.

Бул тегерек стол КР Экономика министрлигинде Германиянын жана Швейцариянын Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен өткөрүлүп жатат жана бул тегерек стол ДСУ мүчө-мамлекеттеринин сунуштарынын негизинде мындан аркы көрүлө турган кадамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын кызыктар тараптарынын арасында түшүнүүнү жакшыртууга багытталган. (Программа тиркелет).

"IMG

"IMG

"IMG

"IMG

"IMG

"IMG

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу